Бишкектеги кара түтүн Пекиндикинен да начар

Бишкектеги абанын булганышы 17-ноябрь күнү чак түштө «начар» деген ченемге жетти — бул аба сапатынын индексиндеги алты категориянын ичинен эң акыркысынын алдында турган көрсөткүч. Бул көрсөткүч күндүзгү саат төрткө чейин кармалып турду да, андан соң «ден соолукка зыян» деген деңгээлге чейин түшүп кетти.

Ошол эле убакта Пекинде аба сапатынын индекси «ден соолукка зыян» деңгээлинен бир сап төмөн болчу. 2018-жылы шаардын абасы эң эле булганган калаалардын рейтингинде сегизинчи орунду ээлеген.

ӨКМдин басма сөз кызматы 19-ноябрда 16-ноябрдан тарта 18-ноябрга дейре зыяндуу кошундулардын орто суткалык курамы жогору болгонун тастыктады.

Скриншот АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин сайтынан алынды.

Аба ырайы сыяктуу эле абанын сапаты күндөн-күнгө же атүгүл саат сайын өзгөрүп турушу мүмкүн. Булганычтын деңгээли жыл мезгилинен, убакыт- сааттан жана кара түтүндү өлчөгөн датчиктин жайгашкан жеринен көз каранды. Бирок эгер жада калса ноябрдын өткөн күндөрүндөгү орточо көрсөткүчүн чыгарса, Бишкекте аба сапатынын индекси Пикиндикине караганда бир аз начарыраак болгон.

Абанын сапатын ченеген датчик АКШ элчилигинин аймагында тагыраагы, Айтматов проспектиси менен барганда Токомбаев көчөсүнүн өйдө жагында жайгашкан. Бишкектеги абанын булганышын алты локация боюнча көзөмөлдөп турган MoveGreen экологиялык кыймылынын маалыматтарына ылайык, шаардын борборунда түштүк чегине караганда абаны булгагычтардын концентрациясы жогору.

Булгануунун деңгээли «начар» болгондо балдарга, астма, жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдарга терезелери жабык бөлмөлөрдөн чыкпоо сунушталат. Ал эми калгандары ачык абада убакыт өткөрүүнү чектөөлөрү керек болот.

Болбосо Эмгекти коргоо улуттук институту (NIOSH) тарабынан сертификацияланган N95 бет кабын кийүү керек. Хиругиялык, медициналык бет каптар жана банданалар абанын зыяндуу булгагычтарын чыпкалоо үчүн ылайыкталган эмес.

Абанын индекси бардык аба булгагычтар боюнча эсептелет. Алардын негизгиси — PM2,5 микро бөлүкчөсү. Бул бөлүкчөлөрдө ыштардын, асфальттын, автоунаа дөңгөлөктөрүнүн, оор металлдар бирикмелеринин, туздардын жана башкалардын майда бөлүкчөлөрү бар.

Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык топтолуусу — абанын сапатын жана анын адамдын ден соолугуна зыяндыгын баалоо үчүн негизги параметр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) ченемдери боюнча, РМ2.5 микро бөлүкчөсүнүн орто жылдык деңгээли 10 мкг/м3 ашпашы керек, ал эми орто суткалык деңгээли 25 мкг/м3 жогору болбошу зарыл.

«МувГрин» буга чейин абадагы РМ2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн бардыгын ченеген бир нече датчиктерди Бишкекте орноткон. Алардын 2018-жылга карата отчётуна ылайык, кыш айларында бул бөлүкчөлөрдүн деңгээли жол берилүүчү чек ченемдеринен ашып кетет. Аба кечки маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана өз үйлөрүн көмүр менен от жагып жылытышат.