Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга каршы оюнда беттештин башында эле гол өткөрүп жиберип, аягына жакын гана эсеп санын теңеген. Кыргызстан F тайпасынын турнирдик таблицасынын экинчи сабында калып, 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын квалификациясынын үчүнчү раундуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн азырынча сактап турат.

Оюндун эсебин 17-мүнөттө Тажикстан ачкан — Эхсони Паншабе сол канаттан чыгарып берген тобун Жахонгира Эргашев Павел Матяштын дарбазасына узатып, дээрлик тоскоолсуз гол киргизген.

Кыргызстан курамасы эсеп санын оюндун 83-мүнөтүндө гана теңеген. Валерий Кичин каршылашынын айып зонасына топ чыгарып бергенден кийин дарбазанын алдында бир аз будуң чаң орун алып, жыйынтыгында Тамирлан Козубаев Рустам Ятимовдун дарбазасына топту тоголотуп, эсепти теңеген — 1:1.

Тажикстан курама командасы киргизген голунан кийин дээрлик бүт курамы менен коргоого өтүп, өз жарым талаасынан чанда гана чыгып жаткан. Бирок, токтоосуз уюштурган чабуулдарына карабастан, кыргыз футболчулары оюнда жеңишке жетише албай калышкан.

Кыргызстандын курамасы F тайпасындагы экинчи орунду сактап кала алды, ошондой эле 2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын квалификациясынын үчүнчү раундуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн сактай алган.

Тандап алуу баскычынын кийинки стадиясына тайпадан бир же эки команда чыгат.

Кыргыз футболчулары кийинки оюнду 2020-жылдын 31-мартында Мьянма курамасына каршы конокто өткөрөт.

19-ноябрга карата F тайпасындагы абал төмөнкүдөй:

1. Жапония — 12 упай, 13 гол киргизген, 0 гол коё берген

2. Кыргызстан — 7 упай, 10-5

3. Тажикстан — 7 упай, 6-8

4. Мьянма — 6 упай, 5-13

5. Монголия — 3 упай, 2-10