Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар деп билдирген. «Клооптун» журналисттери саясатчылар менен эксперттерден, алардын пикири боюнча, өлкөдө бийликке ким (эгер ошондой адамдар деги бар болсо) оппозиция болуп жатканын сурап көрдү.


Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери

Өлкөбүздө оппозиция бар. Биздин «Ата Мекен» партиясы учурда иштеп аткан парламентке жана парламенттик көпчүлүккө оппозиция болуп саналат. Биз өз миссиябыз менен ишибизди канчалык ийгиликтүү аткарып жатканыбызды шайлоочулар талдашат.

«Ата Мекен» партиясы уран кендерин иштетүүгө, мөңгүлөрдү жок кылууга каршы чыккан. Алмамбет Шыкмаматов [«Ата Мекен» фракциясынын лидери] өкмөт башчысынан өлкөнүн тышында бизнесмендердин көзүн тазалап жүргөн криминал боюнча тагыраак позициясын талап кылган.

Учурда өлкөдө оппозициялык маанайдагы адамдар бар деп айтаар элем. Алар айланасында башка адамдарды канчалык бириктире алышаарын убакыт көрсөтөт. Балким Ширин Айтматованын колунан келеттир, анткени адамдардын көпчүлүгү учурдагы кырдаалга жана бийликке нааразы.


Медет Төлөгөнов

Саясат таануучу

Реалдуу айтканда бизде саясий оппозиция жок. Жарандык коомдун ар кандай топторунан бийликке айтылып аткан жалпы сын бар, ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде жарандык оппозиция бар.

Парламентте оппозиция көрүнбөйт, ал жакта системдүү оппозиция жок. Парламенттин тышында бизде, албетте, парламентке кирбей калган же кийинки жылы өтүүгө аракет кылып жаткан адамдардын ар кандай топтору бар. Алар да бийлик жасап жаткан нерселерге карата кандайдыр бир сынчыл көз караштарды чагылдырат, бирок аларды күчтүү оппозиция деп айтууга азырынча эрте.

Жакында башында Ширин Айтматова турган «Үмүт-2020» кыймылы пайда болду. Бул дагы коррупциялык маселелерге карата конкреттүү позицияны ээлеген кеңири жарандык коомдун бир бөлүгү. Алардын негизги темасы бул Матраимов, буга карата алар оппозициянын ролун аткарышууда. Негизи, иш жүзүндө, «Үмүт-2020» берип жаткан суроолорду саясий оппозиция парламентте бергенин көрүү кызыктуу болмок, бирок андай болгон жок.


Ширин Айтматова

«Үмүт-2020» элдик кыймылынын лидери

Эгер Түркмөнстан менен салыштырсак, бизде оппозицияга окшогон нерсе бар. Бирок мен муну оппозиция же оппозиция эмес деп айтуу максаттуу экенине ишене албайм. Мисалы, биз өзүбүздү оппозициялык кыймыл деп эсептебейбиз. Оппозиция бул бийликке келип, бийликти алмаштыруу, бизде андай максат жок.

Азыр парламенттик оппозиция жок. Мен муну адамдарды топтоп алган, мамлекеттен, мындайча айтканда салык кызматынын, финполдун текшерүүлөрүнөн көз каранды олигархиялык партиялардын чыгышы менен байланыштырам, себеп дегенде алардын бизнестери бар.

Ошондуктан парламентте оппозиция деп айтууга боло турган бир нерсени жаратуу үчүн жетиштүү добуштар жок. Техникалык жактан кандайдыр бир партиялар оппозицияга жазылган, бирок бул номиналдуу гана.

Азыркы учурда «Ата Мекен» фракциясы парламенттин ичинде оппозициялык талкуу жүргүзгөн жок. Албетте, Текебаевдин тушундай, бул башка фракция эле. Азыркы тапта алар бийликке каршы чыгып атышкан нерселерди көргөн жокмун. Тескерисинче, оппозиция болуунун эч кимге пайдасы жок.


Дастан Бекешев

КСДП фракциясынын парламенттеги депутаты

Расмий түрдө парламентте оппозиция бар, бирок алардын программалары жок, алар иш жүзүндө оппозиция катары иштешпейт. Менин пикирим боюнча, учурдагы бийликке мындай күчтүү оппозиция жок. Эгер айрым журналисттерди же жарандык активисттерди эсептебесек гана.

Бул 28 жыл бою оппозиция ар кандай болгон, кээде оппозиция жеңилген, дайыма абакта отуруп калып турган. Абакта отурууга даяр жана андан коркпогондор гана оппозиция боло алат. Бул жерден ачык айтуу керек, күч органдары абдан күчтүү, керек болсо түрмөгө отургузуп коюшат, керек болсо далилсиз эле бир нерсе таап, кайсы бир шылтоону айтып бир нерсе кылып коюулары мүмкүн.


Марс Сариев

Саясат тануучу

Атамбаев камакка алынгандан кийин Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар деп ойлобойм жана президент Жээнбековдун бизде күчтүү оппозиция бар дегенине макул эмесмин. Учурда бытыранды күчтөр бар, бирок кандайдыр бир оппозициялык блок азырынча жок деп эсептейм.

Учурда «Үмүт-2020» кыймылын жүргүзүп аткан жана каршы маанайдагы ректорат чыгара ала турган Ширин Айтматованы оппозиция деп айтса болот. Текебаев тез ийилип калды жана учурда ал оппозиционер эмес.


Мирлан Бакиров

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты

Албетте, бизде оппозиция бар. Ал бүгүнкү күндө мурдагыдай радикалдуу эмес. Парламентте конституциялык оппозиция бар. Учурда оппозиция конструктивдүү, ал өз пикирин айтып жатат.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу ал кыйла алсыз болушу мүмкүн, бирок бул оппозиция жок дегенди билдирбейт. «Ата Мекен» партиясы узак жылдар бою оппозицияда болгон. Бүгүн алар да пикирлерин айтып жатышат.

Жалпылап айтканда, оппозициянын пикири ар башка, бардыгынын өз позициялары, өз көз караштары бар. Конкреттүү бир адамдарды оппозицонердер деп атай албайм.

Материалдын үстүнөн иштегендер: Жанара Баялиева, Алтынай Молдогазиева, Азим Сапарбеков, Мира Алимбаева.