Сүрөт: Твиттер «The Royal Family»

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов ханыша Елизавета II менен жолугушту. Жолугушууда элчи ханыша менен кол алышып саламдашкан.

Байсалов жолугушууга кара фрак кийип келген. Мурдараак ал коомдук тармактарга жолугушууга чейин чачын жасалгалап жаткандагы видеосун жарыялаган.

Байсаловдон тышкары, монарх башка өлкөнүн, түштүк америкалык Суринам өлкөсүнүн элчиси Реджи Мартилести кабыл алган. Элчи жолугушууга аялы менен келген.

Эдил Байсалов 2019-жылы июнда Улуу Британиянын элчиси болуп дайындалган. 2012-жылы Байсалов Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болгон.