Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 7-класстын окуучусу Тилеген Рахатбековго өз кызмат ордун бир нече мүнөткө өткөрүп берди. Ал балдар церебралдык шал оорусу менен ооруйт жана анын кулагы катуу, ошондуктан анын Кочкоровго берген тапшырмаларын апасы которуп берген. Окуучу министрге кулагы укпагандарга арналган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестациясы боюнча маселени териштирип, мектеп окуучулары үчүн шахматтык такталарды сатып алууну тапшырды.

Тилеген өзү IT технологияларга кызыгат. Ал Түштүк Кореяда өтө турчу программчылардын конкурсуна жолдомо утуп алган.

Бул эксперимент Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде өткөрүлүп, БУУнун балдардын укуктары боюнча конвенциясы кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган.

Видоенун авторлору: Рустам Халимов, Эржан Бейшеналы уулу

Контрибьютерлер: Алина Аширова, Эркайым Асанканова

Монтаждын редактору: Бекжан Асылбеков