Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты


Бир дагы дин мамлекеттик же милдеттүү деп жарыяланышы мүмкүн эмес. [...] Бир дагы жеткинчек бала светтик илимден четте калбоосу керек. Биздин Конституциябызда «негизги жалпы билим алуу милдеттүү» деп так жана даана жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек.


21-ноябрда Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз» эл аралык конференциясында чыгып сөз сүйлөдү.

Бирок ал өз сөзүндө коомдо руханий баалуулуктарды калыптандыруу «диний ишмерлердин катышуусусуз өтпөшү керектигин» белгиледи.

«Мамлекет салттуу диндер менен союздаш болуу менен гана бул максатка жете алат», — деп билдирди президент.

Кыргызстанда диний били берүү окуу жайларынын саны 100дөн ашуун деп саналат. Алардын көпчүлүгүндө окутуу жүргүзүүгө лицензиялары жок. Мамлекеттин өкүлдөрү диний билим берип жаткан мекемелердин программалары мамстандарттарга ылайык келбегендиктен, аларга лицензия бере албасын бир нече жолу айтып келген.