Бишкекте 25-ноябрда коррупцияга каршы «Re:Акция» тынчтык митинги болуп өттү. Ага 1000ден ашуун адам катышкан, ал эми уюштуруучулардын айтымында акцияга 2500 адам келген.

Коррупцияга каршы митинг «Клооптун», «Азаттык» радиосунун жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнө карата реакция болуп калды.

Акциянын катышуучулары бийликтен реформа жүргүзүүнү, бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алууну жана иликтөөнүн үстүндө иштеген журналисттерди коргоону талап кылышты.

Бул иш-чара бир эле Бишкекте эмес, Кыргызстандын башка да шаарларында өттү. Мындан тышкары, акцияны чет өлкөлөрдө жашап-иштеп жаткан кыргызстандыктар да колдошту.

https://twitter.com/__MarSu/status/1198636662697316352

#REАКЦИЯ Поддерживаем мирную акцию против коррупции из Силиконовой Долины! Очень жаль, что не в Бишкеке сейчас....

Posted by Aizada Marat Kyzy on Saturday, November 23, 2019

#ReАкция Я против коррупции! За будущее Кыргызстана! 25.11.2019 г. Москва.

Posted by Nurlis Tokebaev on Monday, November 25, 2019

Я всецело с вами, друзья! Даже находясь вдали, мы всей семьей переживаем за судьбу страны не меньше. 25 ноября, в...

Posted by Aibek Baratov on Sunday, November 24, 2019

https://twitter.com/spobobos/status/1198791576178364416

Supporting a peaceful protest against corruption in my home country from San Francisco! #reакция

Posted by Zamir Mamytov on Sunday, November 24, 2019