25-ноябрда Бишкектин борборунда болуп өткөн коррупцияга каршы «Re:Акция» жарандык акциясы 1000ден ашуун адамды чогултту. Митингдин катышуучулары бийликтен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоону жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн үстүндө иштеген «Клооп» жана «Азаттык» радиосунун журналисттерин коргоону талап кылышты.

Акциянын катышуучулары Райымбек Матраимовдун жана башка коррупционерлердин камалышын, чыныгы реформаларды өткөрүлүшүн талап кылышты.

Митинг бир жарым саатка созулду. Аны милиция 1-декабрга чейин Жогорку Кеңештин алдында иш-чара өткөрүүгө тыюу салынганын эскертүү менен токтотууга аракет кылды. Бирок юрист менен сүйлөшүүдөн кийин акциянын катышуучуларына жолтоо кылган жок.

«Re:Акция»

22-ноябрда журналисттер Айэркен Саймаити тууралуу иликтөө жарыялашкан — бул ишкер аткезчилик жолу менен табылган 700 млн доллардан ашуун суммадагы акчаны Кыргызстандан чыгарып кеткен. Ал журналисттердин маалымдоочусу болгон жана аларга аткезчилик кандай иштегенин, бул бизнес кимге тиешелүү экенин жана анын кыргыз аткаминерлери менен кандай байланышта болгонун айтып берген.

Иликтөө чыккандан кийин адамдар бийликтин реакциясын жана коррупцияга каршы реалдуу күрөштү талап кылышкан. Мындан тышкары, алар Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камоону талап кылышты — Саймаитинин айтымында, ал коррупциялык схемада маанилүү ролду ойногон. Саймаити өзү 10-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул ал маалыматтын көпчүлүк бөлүгүн журналисттерге өткөрүп бергенден кийин болгон.

УКМК жана Башкы прокуратура Саймаитинин өлүмүн тергешет. Ал эми Коопсуздук кеңеши Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллардан ашык акча чыгарып кеткенин тастыктады.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун башчысы Райымбек Матраимов өзүнө карата жала жаабуу болуп атканын айтууда. Ал укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берээрин убадалады. Ал эми Коопсуздук кеңешинин башчысы Дамир Сагынбаев Матраимовду «УКМК суракка алышы мүмкүндүгүн» билдирди.

Тынчтык акциясы кандай өткөн: