Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол койгон протоколу териштирилет — УКМК

УКМК 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы болуп турган Адахан Мадумаровдун Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы жерди 49 жылга Тажикстан тараптан ижарага алуу боюнча кол койгон протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүш баштады. Кыргызстан бул жерди такталбаган аймак деп эсептейт.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клоопко» протокол боюнча териштирүү жүрүп жатканын тастыктап, сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

«Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес», — деген Мадумаров.

Ал эми вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш бул протоколду тааныбаганы менен тажик тарап ошол протоколго таянып, жер биздики деп көшөрүп атканын билдирген.

«Биз аны ратификациялабайбыз жана ижарага бербейбиз, өз курулуштарыбызды курабыз деп, азыр ошол ортобузда курулуш жүрүп жатат», — деген Бакиров.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев протоколго одоно мыйзам бузуу менен кол коюлганын, 49 жылдык ижаранын убактысы бүткөндө тажик тарап жолду тосуп алып, мындан улам Лейлек району келечекте анклав болуп калышы мүмкүндүгүн айткан.

«Мадумаровго ким укук берди ал жерди тажиктин жери деп кол койгонго? Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Татыр, Аксай айыл өкмөттөрү жана Лейлек району толугу менен анклав болуп калат. Кол койбогондо эч нерсе болмок эмес. Бүгүнкү күндө биз ал жер кыргыздыкы деп бербей койсок болмок. Азыр эми кол коюлгандан кийин тажиктер [ижаранын убактысы бүтөөрүн] күтүп жатат», — деп билдирген ал «NextTVга».

Материал жарык көрөөр алдында чек ара кызматытнан комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары суу жана жол пайдалануу жана чек арадан өтүү маселелери боюнча утур-утур ок атууга чейин жеткен жаңжалдар чыгып турат.