УКМК фейсбуктун колдонуучусун кармады

Автандил Жоробеков «аймактар аралык касташуу» фактысы боюнча айыпталып, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ведомство билдиргендей, ал «бийликти жамандаган», адамдарды митингдерге катышууга үндөгөн, социалдык тармактардын колдонуучуларын бирин-бирин жек көрүүгө алып барган маалыматтарды жайылткан.

«[Жоробековдун посттору] колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — деп билдирет УКМК.

Анткени менен, биз көз карандысыз лингвистикалык анализ жүргүзө алышыбыз үчүн ведомство Жоробековдун так кайсы посттору анын кармалышына негиз болгонун айтуудан баш тартты.

Автандил Жоробековду «БеспределKG» фейсбук тайпасынын администратору жана активист деп аташат. Өзүн Жоробековдун бир тууганы деп атаган фейсбуктун Чынара Темирова аттуу колдонуучусу видео кайрылуу жарыялап, анда ал Жоробековду бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу посту үчүн кармашты деп айткан.

Моего брата, Жоробекова Афтандила, автора страницы БеспределKG заключили под стражу в СИЗО ГКНБ за пост "Посадочный талон Раима и Абдыкадыра. Улетели из страны ?""и предъявили обвинения по ст 313 УПК КР в совершении тяжкого преступления в возбуждении этнической, нац. и межрегиональной вражды. Мы рассматриваем это как покушение на свободу слова человека.

Posted by Chynara Temirova on Wednesday, November 27, 2019

Пост «Райым менен Абдукадырдын учакка отуруу талону. Өлкөдөн учуп кетиштиби?» деп аталып, анда талондун сүрөттөрү гана көрсөтүлгөн. Анда Хабибула Абдукадыр, Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жазылган.

Посадочный талон Раима и Абдыкадыра. Улетели из страны ?

Posted by БеспределKG on Sunday, November 24, 2019

Пост жарыялангандан кийин Райымбек Матраимовдун учуп кеткендигин парламенттеги депутат агасы Искендер Матраимов төгүндөгөн. Бирок, арадан эки күн өткөндөн кийин депутат инисинин кайрылуусун жарыялаган — анда Райымбек Матраимов чын эле өлкөдөн кеткендигин жана укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берүү үчүн кайтып келээрин билдирген.

Райымбек Матраимов менен кошо учакка отургузуу талонунда аты аталган Хабибулла Абдукадыр — 700 миллион доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетишине байланыштуу иликтөөдө аталган кытайлык ишкер. Абдукадыр да, Матраимов да — «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деп аталган журналисттик иликтөөсүнүн фигуранттары.