Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 25-ноябрда абанын булганышы жогору болуп атканына байланыштуу сунуш колдонмолорду жарыялаган. Алар абанын сапатынын анализи боюнча «Эйрвижуал» колдонмосуна таянып билдиришкендей, ошол күнү абанын сапаты «орточо» болгон. Бул көрсөткүч аба сапатынын индексиндеги алты деңгээлдин экинчи орунунда турат. Бирок ошол күнү орточо суткалык көрсөткүч 500дүн ичинен 140 болуп турган — ал «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» катары саналат.
«Адатта көрсөткүч 0дөн 500гө чейин болот, көрсөткүч жогору болгон сайын аба ошончолук булганган болот. Бүгүнкү күндө Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин жетип, орточо деп саналат», — деп айтылат мэриянын пресс-релизинде.
Ведомствонун басма сөз кызматынан эмне үчүн туура эмес маалымат жарыяланганын териштиришээрин «Клоопко» убадалашканы менен материал жарык көрөөр алдында журналисттер жооп ала алышкан жок.
Ошол эле документте мэрия аба булганганын мойнуна алып, бишкектиктерге бет кап тагынып жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну сунуштаган.
«[Ошондой эле] терезелерди чанда ачууну, кызуу маалда ачык абадагы активдүү күч келтирүүлөрдү азайтууга аракет кылууну [сунуштайбыз]», — деп билдирет мэрия.
Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбеков 27-ноябрда билдиргендей, өкмөт эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом менен биргеликте Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча эки жылдык планды демилгелеген.
Бишкектеги абанын булганышы
Борбор калаадагы абанын булгануу маселеси шаардын үстүндөгү кара түтүн тургундарга көрүнүктүү болуп баштагандан 2017-жылдан тарта активдүү талкууланып келет. Ошондо активисттер катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли жол берилүүчү ченемден ашканын аныкташкан, бирок бийлик бул жыйынтыктарды тааныбай койгон.
Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан чыгынды газдар деп эсептейт. МККнын маалыматтары боюнча, 2018-жылдын аягына карата борбор калаада дээрлик 420 миң автоунаа катталган, бирок шаар эң көп дегенде 50 миң машинага гана ылайыкталган.
Мындан тышкары, абаны жеке секторлор да булгайт — алардын тургундары үйлөрүн көмүр менен жылытат жана морлорго чыпкаларды орнотушпайт. Экологдордун айтымында, абанын сапатына көп батирлүү турак үйлөрдүн жылуулугун камсыздаган Бишкек ЖЭБинен чыккан чыгындылар да таасир этет. Бирок бийлик жылуулук борборунда күчтүү чыпкалар тураарын жана алар катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалаарын билдиришет.