Зоя Фалькованын экспонаты. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев

Маданият министрлиги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде өтүп жаткан Feminnale заманбап искусствосунун көргөзмөсүндөгү алты экспонатка тыюу салды — алардын ичинде аялдарга карата зомбулукту символдоштурган бокс грушасы бар. Бул казакстандык сүрөтчү Зоя Фолькованын «Evermust – Дайыма бардыгына милдеттүүмүн» аттуу эмгеги.

Груша «жарандардын элестетүүлөрүн чагым кылбашы» үчүн көргөзмөдөн алып салууну сунушташкан. Аны жана дагы беш экспонатты музейден замбил менен көтөрүп алып чыгышкан. Алар «Ололо Хаус» коворкиңинде жайгаштырылат.