Кыргызстандын жападан-жалгыз экс-президенти Роза Отунбаева искусство, цензура жана аялдардын көйгөйлөрү тууралуу чоң колонка жазган. Биз анын кыскартылган версиясын жарыялайбыз, ал эми толук версиясын бул жерден окусаңыз болот.
Контекст: Бул колонкага Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде өтүп жаткан Feminnale заманбап искусство көргөзмөсүнүн уюштуруучуларына карата жасалган терс реакция жана андан кийинки музейдин директору Мира Жангарачеванын жумуштан алынышы себеп болгон. Маданият министрлиги искусствону эмес, улутчул патриотторду колдоп, көргөзмөнүн кээ бир экспонаттарын чагымчыл деп атап, аларды көрсөтүүгө тыюу салган.
Көргөзмө жаңжалдары дүйнөдө көп болуп келген — Батышта да, Чыгышта да. Эйфель мунарасы кандай ызы-чууга дуушарланганын биз болгону элестете алабыз, бирок ушунча кылым өткөндөн кийин азыр анын кызуусун жана курчтугун сезе албайбыз.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган Андрей Кончаловскийдин Наталья Аринбасарова жылаңач болгон «Биринчи мугалим» фильмин эстеп көрөлү, ошондө өлкөбүз кандай уу-дуу болду эле! Дүйнө жүзүнө кандай уятка калдык деп чычаладык эле! Эми биздин көркөм сүрөт искусство музейинде да жаңжал чыкты: ал кимдин намысына жана эмне үчүн тийди?! (...)
(...) [Feminnale көргөзмөсү] олуттуу, терең, новатордук көргөзмө, ал жерде жөн гана түкүрүнүп жана сөгүнбөстөн, басып жүрүү жана ойлонуу керек! Бул көргөзмө аялдарды кыйнаган көйгөйлөр жөнүндө, аялдар алардан жабыркайт, набыт болот, коркот, алардан арыла албаса да, бирок моюн сунбайт! Бул ички дүйнөнүн күрөшү, коомго карата алардын зомбулукту токтотуу, өзүнүн эскилиги жеткен көз караштарын алмаштыруу керек деген чакырыгы, адилеттүүлүккө, укук жолу менен өч алууга чакыруу.
Эмне үчүн бизде кыздарды аталары да, энелери да Айсулуу, Айчүрөк, Канайым, Айкерим, Мээрим деген сыяктуу мээримдүү ысымдар менен атайт, бирок аларды бейтааныш уландар кой сыяктуу ала качкан учурда, ал баары бир турмушка чыгууга, балдарды төрөөгө тийиш деп эсептеп, ага оңой эле макул болот. Ал эми алардын жашоосу болбой калса жана аял – алардын кызы эки-үч баласы менен көчөдө калса же күйөөсүнүн токтобогон уруп-сабоосунан качып кетсе, анда ата-энесинин үй-бүлөсү: эл эмне дейт деп көп учурда аны үйүнө кайра кабыл албайт?! Биздегидей ушундай катаал ата-энелерди айланадагылардан көрүү кыйын деп эсептейм! Бул турмуш жолунун эң башталышындагы жеңил-желпи макул болуунун аягындагы түшүндүрүү мүмкүн болбогон катаалдык – бул аялга карата, балдарга карата ата-энелердин өздөрүнүн, бүткүл коомдун жоопкерсиздиги эмей эмне?!
Биздин жергебизде бардык оорчулуктар аялдардын мойнуна түшкөн: сүрөтчү Алтын Капалованын бир нече жыл мурда Москванын басмаканасында өрттөнүп кеткен мигрант кыз-келиндердин трагедиясын чагылдырган иши көргөзмөнүн жан кейиткен сюжети болуп саналат. Эмне үчүн кылдан кыйкым таппаган жана Феминналени ашаткан адамдар бул жөнүндө жазбайт?! (...)
(...) Мен музейдин илимий методикалык кеңешинде көргөзмөнүн концептин, идеясын жана аны көрсөтүүнүн жол-ыкмаларын сөзсүз түрдө алдын ала талкуулоо, жергиликтүү контекстти эске алуу керек дегенге макулмун.
Бирок музейди мечит же чиркөө жайга айландырбагыла, кыл калемдин улуу чеберлери талаш-тартыш жана каршылык көрсөтүү, миллиондогон адамдарды өздөрүнүн сүрөттөрү, көркөм өнөр чыгармалары менен ойготуу аркылуу дал ушинтип жарыкка чыккан.
Феминнале, кыязы, соңку декададагы азыркы заманбап искусствонун жападан-жалгыз көргөзмөсү болушу керек. Искусство адамдардын акыл-эсин жана жан дүйнөсүн ойготуп, таң калтырганы менен искусство да, бул силер көргөзмөдөн көргөзмөгө чейин көрүп жүргөн адаттагыдай жазылган, топтолгон полотнолордун үймөгү эмес. Парижде же Нью-Йоркто гана эмес, ошондой эле Москвада жана Бакуда, Тбилисиде жана Ереванда азыркы заманбап модерн көркөм өнөр музейлери реалдуулук болуп калган, ал эми жакында ушундай музей Алматада да курулат – бул жерде демейки акыл-эстин алкагына сыйбаган, өтө карама-каршылыктуу, жаңжалдуу жашообузду чагылдырган сүрөттөр жайгашат (...)
(...) Маданият министрлиги искусство менен тааныштыгы аз болгон адамдардын шыкактоосу боюнча борбордо жападан-жалгыз иштеп жаткан музейдин ушул бир көргөзмөсү жагынан тынчсызданып шашылыш реакция кылды. А эмне үчүн маданият министрлиги шаардыктардын жана өлкөнүн меймандарынын маданий турмушунан өтө көп убакытка чыгып калган Тарых музейин ачуу жагынан иш жүргүзбөйт?! (…)
(…) Социалдык тармактарында биздин салттуу адептерибизди жана дөөлөттөрүбүздү жактаган адамдардын ачуусу келүүдө, жаш министр тайсалдап калды, териштирүүнүн жана тыянак чыгаруунун ордуна музейдин директору Мира Жангарачевага эшик тарапты көрсөтүп жатат.
Мырзалар токтогула, силерде административдик күч бардыр, бирок коомдун добушу жана аялдардын тилектештиги да бар! Көргөзмө аялдарга карата зомбулукка каршы турууга арналган бүткүл дүйнөлүк жумада аялдардын бардык кыйчалыштуу көйгөйлөрүнө арналган. Ушул көйгөйдү чечүүдө силер – маданият министрлиги, бүткүл өкмөт эмнени жасадыңар?! Эгерде аялдарды, жаңылыктардын бардык маалыматтары жык толгон, өлүп калганга чейин ушунчалык көп сабаса, эгерде 13-15 жаштагы кыздарды зордуктап жана кала берсе аларга үйлөнүп жаткан педофил эркектер улам көбөйүп жатса, ал эми экиден ашык аялга үйлөнгөн эркектерге сан жетпесе, ушунун баарын аялдар чыдаса боло береби?! Канчага чейин чыдайт?! Бизде эмне деген эркектер?! Биз кандай коомдо жашап жатабыз?!(…)
(…) Баарыңар токтолгула, ойлонгула! Ушул көйгөйлөрдөн кантип арылуу керектигин бардыгыбыз ойлонууга тийишпиз. Зомбулукка каршы жумалык формалдуу эмес, ал бардыгын биздин үрп-адаттарыбызды, аялдарга жана алардын көйгөйлөрүнө биздин мамилебизди өзгөртүүгө мажбурлайт деп ишенем. Искусствонун күчү, миссиясы дал ушунда. Көргөзүү үчүн жана көргөзмөнүн, жансыз музейлердин эмне кереги бар?! Биз, аялдар, өз көз карашыбызда демейдегидей туруктуубуз, өлкөнү жакшы жагына өзгөртүүгө ниеттенебиз.