Жазаларды аткаруу мамкызматынын (ЖАМК) №2 аялдардын түзөтүү колониясында 29-ноябрда күзгү бал болуп өттү. «Клооп» иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү жарыялайт.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков иш-чарага 40ка чукул соттолгон аял катышканын «Клоопко» айтып берди — болжол менен ар бир командада 10 адам. Конкурста катышуучулар бий, дубалга илинген гезиттерди жана саркеч кийимдерди көрсөтүшкөн.

Анын айтымында, демөөрчүлөн кээ бир аялдарга түстүү образ жаратуу үчүн атрибутика, ошондой эле косметика беришкен. Башкалары болсо аларды сатып алуу үчүн өз алдынча акча иштеп табышкан.

«Соттолгондор тигүү цехинде же наавайканада иштешет. Анан бул үчүн эмгек акы алышат, аларга косметикага буйрутма бере алышат», — деди Калыков.

Конкурстун жыйынтыктары боюнча калыстардын тобунун мүчөлөрү катышуучуларга грамота, белек жана гүлдөрдү беришкен. Андан кийин келген коноктор үчүн концерт уюштурулган.

«Кандай белектер болгонун билбейм, кандайдыр бир кутулар. Балким аялдарга тиешелүү буюмдар. Гүлдөрдү көргөм», — деп билдирди Калыков.