Гапар Айтиев атындагы музейге жаңы директор дайындалды

Айгүл Мамбетказиева. Сүрөт: Маданият министрлиги

Маданият министрлиги көркөм сүрөт искусство музейинин жаңы директорун дайындады. Музейди директордун мурдагы орун басары Айгүл Мамбетказиева жетектеп калды.

Мамбетказиева — музей иштери боюнча республикалык эксперт, Айтиев атындагы музейдин башкы сактоочусу, Маданият жана исскуство боюнча Борбор Азия тармагынын мүчөсү. Ал эл аралык маданий долбоорлордун Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү тескөөчүсү болгон.

Мамбетказиева өз эрки менен кызмтанынан кеткен Мира Жангарачеванын ордуна музейдин директору болуп келди.

«Феминале»

Жангарачеванын кетишине улутчул патриоттордун «Феминнале» заманбап көргөзмөсүнө карата реакциясы себеп болгон. Аларды сүрөтчү Жули Саверинин перформансы нааразы кылган. Ал секс жумушчулардын көйгөйүн чагылдыруу менен залга жылаңач чыккан.

Улутчул патриотторго башка да экспонаттар жакпай калган, анын ичинде аялдын тулку бою түрүндөгү боксер грушасы жана аялдын ич кийими бар. Алар аялдарга карата зомбулукту символдоштуруп илинген. Улутчул патриоттор көргөзмөнүн уюштуруучулары менен музейдин өзүн коркутушкан.

Көргөзмөгө жана музейдин экс-директору Мира Жангарачеваны экс-президент Роза Отунбаева колдоп, өз пикирин билдирип чыккан.

«Маданият министри бүгүн социалдык тармактардагы талкуулардын басымынын алдында билдирүү жасады. Бул көргөзмө боюнча өз пикримди жазгым келет: [Feminnale көргөзмөсү] олуттуу, терең, новатордук көргөзмө, ал жерде жөн гана түкүрүнүп жана сөгүнбөстөн, басып жүрүү жана ойлонуу керек!» — деген ал.