Ош шаарынын таштанды талаасы. Сүрөт: Салик Исаков / Kloop.kg

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) 2012-жылы Ош шаарына жаңы таштанды талаа курууга дээрлик 11 млн евро бөлгөн. Анын ичинен беш миллиону 12 жылга насыя катары берилген. Тендерди уткан компания курулуш иштерине ЕӨРБдан насыя алат, ал эми акчаны кайра «Ош-Тазалык» төлөмөкчү, анткени жаңы полигон анын карамагында калат.

Бирок таштанды полигонун курууга тендер жети жылдан бери жарыялана элек. Буга шаар бийлиги алты жыл майнапсыз жер издегени себеп. Калаанын өзүндө жер болбогондуктан жана коңшу райондор тилке бөлүп берүүдөн баш тартышкандыктан, 2018-жылы «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы таштанды талааны эскисинин жанына курууну чечкен. Бирок арадан бир жыл өтсө да полигондун курулушу баштала элек.

Ишкананын жетекчисинин орун басары Жылдыз Көчкөнөв «Клоопко» билдиргендей, буга ЕӨБРдин жерди бекитип бере электиги жана акча которо электиги себеп.

«Жумуштар баштала элек. Биз проектти банкка бергенбиз. Натыйжалуулук боюнча аныктама бериле элек. Полигонго эл аралык экологдор келип, экологиялык корутунду чыгарып бериши керек», — деп түшүндүрдү ал.

Көчкөнөв полигондун курулушу 2020-жылы башталат деп убадалайт. Анын айтымында, долбоор боюнча таштанды талаа бир жыл 8 айда курулушу керек болсо, ишкана бир жарым жылда куруп бүткөрүүнү көздөөдө.

Ал арада эски полигондо экологиялык коопсуздук боюнча талаптар аткарылбай жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык экотехинспекция бөлүмүнүн башчысы Асан Мамыраимов билдирди.

«Таштанды төгүүчү жайда өрт коопсуздугун сактоо иш-чаралары убагында аткарылбагандыктан, ал жерде түтөгөн жана өрттөнгөн фактылар көбөюп, свалканы толугу менен түтүн каптоодо. Мындан атмосферага зыяндуу заттар бөлүнүп, жагымсыз жыттар пайда болууда. Калдык топтоочу жайдын сметалык документациясы жана башка тийиштүү кагаздары да жок», — деди Мамыраимов.

Ведомство бул боюнча июнда мэрияга жана «Ош-Тазалык» ишканасына 12 пунктан турган жазма эскертүү берген. Талаптар аткарылбаса ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз дейт бөлүм башчы.

«Ош-Тазалыктан» эскертүү берилгенин тастыкташты. Бирок өрт коопсуздугу боюнча талаптар аткарылганын билдиришти. «Былтыр эски полигонго топурак төгүп чыкканбыз. 2019-жылы полигон күйгөн жок», — деди ишкананын башчысынын орун басары. Бирок ишканадан эски таштанды талаа долбоору жок курулганын тастыкташты.

Жаңы таштанды талааны куруу зарылчылыгы

Азыр Ош шаарынан чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат. Анын 20 гектардан ашууну бош турат. Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Таштанды талаасынан бир чакырым узак жерде ДЭУ жайгашкан. Жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнүн бузулганына жана ден соолуктарынын начарлашына арызданып келишет. Алар буга таштанды полигону себеп дешет.

ДЭУнун тургундары бир нече ирет митингге чыгышып, полигондун көчүрүлүшүн талап кылышкан. Бирок бийликтегилер алардын суранычын аткарбай келишет.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы