Маралдын карап турган сүрөтү фототузактын бирөөсүнө түшүп калган. Сүрөт: Курчап турган чөйрөнү коргоо мамагенттиги

«Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын фототузагы маралды тартып алган — сүрөттө ал камераны карап турат.

Сентябрдан тарта паркка 10 фототузак орнотулган. Бирок маралды өткөн аптада тартып калуу мүмкүн болгон.

«Агенттиктин кызматкерлери ар дайым жергиликтүү жашоочуларга айлана чөйрөнү коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен тигил же бул сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө же болбосо азайуусуна байкоо жүргүзүшүп турушат», — деп билдиришти ведомстводон.

Маралдан тышкары, фототузактар камандарды, бугуларды жана аюунун жамбашын тартып калган.

«Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң гектардан ашуун, анын 39 миң гектары — бул корук аймагы.

Жаратылыш паркында кызыл китепке киргизилген жаныбарлар байырлашат — ак илбирс, суусар, орок тумшук чулдук, аркар жана башка жаныбарлар.