Депутаттар өкмөттүн аткезчиликке каршы күрөшүн «канааттандыраарлык» деп табышты

Депутаттар вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин декларацияга киргизилбеген товарларды киргизүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө байланыштуу отчётторун угушту.

Башында депутатык комитеттер өкмөттүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ишин «канааттандыраарлык эмес» деп табышкан. Бирок кийинчерээк ошол эле жыйында депутат Өмүрбек Бакиров туюндурманы «жетишээрлик эмес» деген түшүндүрмөгө өзгөртүүнү сунуштап, аны жыйында отурган 74 депутат колдоп берген. Андан соң өкмөттүн басма сөз кызматы бул туюндурманы «канааттандыраарлык» дегенге теңеп койгон.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент өзүн жакшы жактан көрсөткөн жок деп эсептеп, Разаковдон «эмки алты айда ушул сандардын оңдолушун» талап кылды.

«Аткезчилик маселеси абдан оор. Муну кызматкерлерди алмаштыруу же башка чаралар менен гана жоюп салууга мүмкүн эмес. Аны менен системдүү түрдө күрөшүш керек», — деп келтирет «Азаттык» вице-премьер-министрдин айткандарын.

Кулачын кенен жайган аткезчилик

Өкмөттүн аткезчиликке каршы күрөшүү ишин журналисттердин бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин канааттандараарлык деп таанышты. Иликтөөгө ылайык, таасирдүү кыргыз аткаминерлери менен байланышы бар кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жылдар бою Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө аткез товарларды ташып турган.

Товар кездеме катары катталып, минималдык төлөмгө алынчу. Бирок жүктүү унааларда ошол эле учурда кездеме эмес, андан да кымбат баалуу товарларды алып өтүшчү. Коррупциялык түйүн жөнгө салынган. Ал товарларды кездеме түрүндө каттоого гана жардам бербестен, Кыргызстандан дээрлик миллиард долларды мыйзамсыз чыгарууга жардам берген.

Анткен менен иликтөөсүз деле аткезчилик далай жолу резонанстуу ызы-чуулардын жана парламентте талкуулардын чыгышына себепчиси болгон. Депутаттар ондогон жылдар бою күйүүчү май аткезчилигин талкуулашкан — утур-утур аткезчилер кармалып турат, мындан тышкары бул топтордун мүчөлөрү атыш да чыгарышкан. Мисалы, Токмкотогу атышуу, анда парламенттин депутаты Урмат Самаевдин аты аталган. Ал парламентте укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрага орун басары.

Аткезчилер менен башка да депутат Дамирбек Асылбек уулун да байланыштырышат. Ал 2018-жылы февралда Казакстанда кармалган. Аны бажычылар, чек арачылар, брокерлер жана жумушу жоктор кирген «аткезчилердин бандасынын башчысы» деп эсептешет.

Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылга карата маалыматына ылайык, көмүскө экономика Кыргызстандын ИДПнан 24% түзөт. Аткезчилик расмий көзөмөл өткөрмө жайлары аркылуу, анын ичинде тактала элек чек ара тилкелери аркылуу өтөт.