Лейлек районунда чогулган китептер. Сүрөт: Табылды Муратбеков

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун жаштары 35 миң китеп чогултушту. Бул тууралуу «Клоопко» долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков билдирди.

Акылбековдун айтымында, аталган китептер райондун аймагындагы китепканаларга таратылат. Ал эми долбоордун максаты — жаштарды китеп окууга үндөө.

«Он биринчи классты аяктаганда мектеп предметинен сырткары эки-үч китеп эле окуптурмун. Кийин ойлосом китеп оку деген адам болбоптур. Китепканабыз дайым жабык турат эле. Мындай абал өлкөдөгү бардык аймактарда жаралган экен. Бир айылда миң адам жашаса, ар адам бир китептен алып берсе 1000 китеп чогулуп калат экен деген ой долбоорду баштадык», — деп түшүндүрдү ал.

Акылбеков кошумчалагандай, долбоордун алкагында дүйнөлүк жана көркөм адабият, шыктандыруучу китептер чогултулган. Ошондой эле акцияга пенсионерлерден баштап чет өлкөдө жүргөн мигранттарга чейин катышууда.

Акция үстүбүздөгү жылдын январында башталган жана учурда жалпы Кыргызстан боюнча 110 миң китеп топтолуп, 149 китепкана ачылган. Уюштуруучулардын айтымында, чогулган китептердин суммасы 28 млн сомду түзөт.