Peshcom демилгеси Бишкектеги экологиялык кырдаал тууралуу комикс чыгарды. Кыргызстандын баш калаасындагы жана анын айланасындагы кырдаалды эске алганда, бул комикс абдан актуалдуу.

Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыяндан» «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турат. Бишкек мэриясы да абанын булганганын мойнуна алып, бишкектиктерге бет кап тагынып жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну сунуштаган.

Бийлик Бишкекте абанын булганышына унаалардан чыккан түтүн негизги себеп деп эсептейт. МККнын маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата борбор калаады дээрлик 420 миң автоунаа катталган. Ошол эле учурда шаар эң көп дегенде 50 миң машинага эле чакталган.

Ошондой абаны үйлөрүн көмүр жагып жылытып, морлоруна чыпкаларды орнотпогон жеке сектордун тургундары да булгашат. Экологдор абанын сапатына көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБнин түтүнү да таасир этет деп билдиришүүдө. Анткен менен бийлик борбордук жылуулук борборунда күчтүү чыпкалар орнотулганын, алар катуу бөлүкчөлөрдүн чыгындыларын 97 пайызга тазалайт деп айтууда.