Өзгөн районунун Прогресс айылына ачылган Калкты тейлөө борбору. Сүрөт: «Инфоком» ишканасы

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынан кабарлашкандай, Ош облусунун Өзгөн районунда 11-декабрда экинчи Калкты тейлөө борбору ишке кирди. Борбор Жыланды айыл аймагынын Прогресс айылында ачылды.

КТБдан тургундар паспорт, никеге туруу тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк ала алышат жана «балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга документтерин тапшыра алышат. Ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтары көрсөтүлөт.

Жаңы ачылган борбор маалымдама, күтүү залы, кассадан турат. Мындан тышкары сүрөткө түшүү жана ксерокопия жасоо кызматтары каралган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпастан эле бардык зарыл болгон документтерин топтой алышат.

2017-жылы Өзгөн шаарында биринчи Калкты тейлөө борбору ачылган. Күн сайын 500 адамды тейлөөгө ылайыкталган мекемеде дайыма кезек күтүүлөр болуп турган.