Сүрөт: 24.kg

Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев эс алуу борбордун ачылыш аземинде кызыл лентаны кескен сүрөтү тарады. Жалал-Абаддын мэриясы бул сүрөт 11-декабрда тартылганын ырастады.

«Бул мончо эмес, бул көбүнчө эс алуу борбору», — деп билдиришти мэриядан. Ичинде мончосу бар болгон эс алуу борбору «Байэл» деп аталат жана ал төрт кабаттан турат. Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы иш-чарага жеке бизнести колдоо максатында келген.

Кыргызстанда аткаминерлер жеке бизнестин ачылышына лента кесүү үчүн көп келишет, кээде айылдардын кире бериш жерине орнотулган аркалардын ачылышына да катышышат. Мындай учурлардын эң белгилүүлөрү — сентябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык «Шератон» отелинин ачылышына катышкан, ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев октябрда Бишкектеги «Dasmia» фитнес-борборунун ачылышында кызыл лента кескен.