Видеодон алынган скриншот

«Силерде уят жок экен, ачык айтканда. Капа болбогула: кетип калыптыр уятыңар. Мына силер иштебегениңерден, силердин тартипсиздигиңерден ушундай болгон. Мен барып ал деген жерди алып коёсуңар. Өзүңөрчө чөнтөккө кол салып жүрөсүңөр. Тазалабайсыңарбы бул жерди. Качан иш болот?»


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 10-декабрда калааны иретке келтирүү иштери менен таанышып чыкты. Анын жүрүшүндө Сарыбашов кол астындагыларынын жасаган иштерин сынга алды.

Сарыбашов айрыкча тазалык, турак жайлардын сырткы көрүнүшү жана шаардагы башаламан жайгашкан дүкөнчөлөр боюнча жасалган иштер жетишсиз болгонун айтты. Андан соң аймактык муниципалдык башкармалыктын жетекчилерине жана «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаиловго эскертүү берди.

Ошондой эле калаа башчысы көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын мэрия боёп бергени менен балкондору эски боюнча калганына көңүл бурду. Ал кызматкерлерине балкондорду оңдотуу боюнча үйлөрдүн ээлери менен сүйлөшүүнү сунуштады.

Сарыбашов кол астындагылары менен шаар кыдырып, жасалган иштерди биринчи жолу сынга алган жок. Анын калаанын абалы менен таанышып чыгып жүргөнүн мэриянын басма сөз кызматы байма-бай фейсбуктагы баракчасы аркылуу чагылдырып келет.