Фактың болсо, сен өтүп бар, карындашым.

Даректи алып алып же тап. Жок, учуп бар карындашым.

Сен Дубайда жашап жатасың, Дубайды айттың, карындашым.

Ошол адрести алып карындашым, сен өтүп бар, жардамың тиет.

Түшүнүп жатасың да? Сөзсүз бар.


Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн Дубайдагы мүлкү кирешесине туура келбегени тууралуу узатылган суроого президент ушинтип жооп берди. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Абу-Дабиде жүргөндө кыргыз диаспорасы менен БАЭде жолугушуу өткөргөн.

Мурдараак «Азаттык», OCCRP жана Kloop «Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор Абдукадырдын үй-бүлөсү менен кантип кызматташышат?» аттуу журналисттик иликтөөнү жарыялашкан. Абдукадырдын үй-бүлөсү — бул кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадырдын таасирдүү кланы. Ал Кыргызстан аркылуу ЕАЭБге аткезчилик жолдорун түзгөн.