Кыргызстандагы алгачкы «Феминнале» феминисттик көргөзмөсү үч жыл мурда Москванын басмаканаларынын биринде өрттөн улам каза тапкан 17 кыргызстандык кыз-келиндин элесине арналып, 17 күнгө созулду.

«Клооптун» редакциясы көргөзмөгө бара албай калгандар үчүн көркөм сүрөт исскуство музейиндеги цензурага алынган экспозицияларынан атайын сүрөт баян жасап келди. Алардын ичинде биздин Маданият министрлиги «чагымчыл» деп эсептеген эмгектер да бар. Эмгектердин бардыгы аялдардын укугуна арналган.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

«Феминнале» аялдарга карата жасалган зомбулук жана гендердик теңсиздикке байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурдуруу үчүн өуюштурулган. Көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 50дөн ашуун арт-чебер катышкан.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Музейде аялдардын укугу темасына арналган воркшоптор жана лекциялар өткөрүлгөн.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Музейде иштеген кызматкерлердин айтымында, музейге мынчалык көп адам көптөн бери келе элек болчу, ал эми секс жумушчулар көйгөйүнө көңүл бурдургусу келген жылаңачтанган аялдын перформансы башка көптөгөн көркөм акциялардын бирөөсү гана эле.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

«Феминналеге» экс-президент Роза Отунбаева да келип күбө болуп, сүрөтчүлөр менен музейдин башчысына куугунтук күчөп турган убакта көргөзмөгө карата колдоо пикирин айтып чыккан.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

«Феминналенин» жабылуусуна бир нече күн калгандагы атмосферасы төмөндөгүдөй болгон.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA
Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун чечими менен көргөзмөгө коюлган эмгектердин ичинен «чагымдуу» делген экспонаттар алынып салынган. Дал ошол эмгектер аялдардын үстүнөн болуп аткан социалдык, физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулукту чагылдырып турган болчу.

Post from RICOH THETA. - Spherical Image - RICOH THETA

Сүрөтчүлөр менен музейди коркуткан улутчул патриоттордун көргөзмөгө карата реакциясынан улам Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт исскуство музейинин директору Мира Жангарачева кызматынан кетүү арызын жазган.