Тайган — бул кыргыздарга таандык болгон аң уулоочу иттердин тукуму. Көчмөндөрдүн тарыхында бул иттер менен көптөгөн окуялар байланыштуу, анткени алар аңчыларга оокат кылууга жана жырткыч жаныбарлардын санын жөндөөгө жардам беришчү. Бир тайгандын баасы бир жылкыга тете болгон.

Бирок, убакыттын өтүшү менен бул иттерди багуу кызыкчылыгы жоголуп кеткен. Ага көптөгөн факторлор таасир эткен, алардын эң негизгилеринин бири бул көчмөндөр айылдарга отурукташып калгандан кийин жырткычтар көп түшпөй калышкан. Бирок, тайган тукумун сактоо муктаждыгы пайда болгондон кийин аларды шаардын тургундары да бага башташкан.

Автору: Александра Титова

Операторы: Эржан Бейшеналиев, Дастан Үмөтбай уулу, Хамидулло Узаков

Монтаждын редактору: Бекжан Асылбеков