Матраимовдордун кадыр-баркын коргоо тууралуу иш боюнча сотко чакыруу кагазы

«Клооптун» кеңсесине 19-декабрда Свердлов райондук сотунда Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо» боюнча өтүүчү отурумга чакыруу келди.

Отурум 14:00дө өтөт, жооптуу тарап катары «Клооп» менен бирге «Азаттык» үналгысы жана 24.kg онлайн басылмасы чыгышат.

10-декабрда бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын парламентте депутат болуп иштеген агасы Искендер Матраимов, ага-ининин жубайлары Уулкан Тургунова менен Миновар Жумаева, ошондой эле Матраимовдордун үй-бүлөлүк фонду бул үч басылмага каршы арыз беришкен.

Арыз берүүгө «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP биргелешип чыгарган бажыдагы коррупция жөнүндө иликтөө себеп болгон. Райымбек Матраимов жана анын жубайы бул иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Матраимовдор «Азаттыктан» 22,5 млн, «Клооптон» 12,5 млн, ал эми «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдон 10 млн сом компенсация өндүргүсү келет.

Мындан тышкары, алар иликтөөгө эч тиешеси жок, бирок аны болгону өз сайтында баяндап берген 24.kg басылмасынан 15 млн сом талап кылышкан.

Бизди сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөрдү окуп көрүңүз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар