Ленин көчөсүндөгү жерлери талашка түшкөн тургундардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн топтолуп турушкан учуру. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / kloop.kg 

Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн 20га жакын тургуну көчөдө калуу коркунучунда турат. Буга жеке ишкер Нуркул Шырдаков менен тургундардын ортосунда жер талашка түшкөнү себеп. Эки тарап тең жер аларга таандык болгонун айтышууда. Ал эми жеке ишкер жерди бошотуу үчүн тургундарды сотко берди.

Ата-бабадан калган үй

Тургундардын бири Сухматилло Ниязов үй ага атасынан калганын жана анда үч бир тууганынын үй-бүлөсү менен чогуу жашаарын айтат. Анын айтымында, жашоочулардын дээрлик баарында жерге байланыштуу тиешелүү документтери бар.

«Бул үй мага атамдан, атама болсо чоң атамдан калган. Ушинтип беш муундан бери келе жатат. Шырдаков биздин үйүбүз турган жерди эмес, ушул көчөнүн ылдый тарабындагы союз убагында курулган имаратты сатып алган. Ошого кошуп биздин турак жайлар турган жерди да өзүнө таандык деп жатат», — дейт Ниязов.

Анын кошунасы Нематжан Пазыловдун жер боюнча документтери 2010-жылы Ош окуясында буюмдары менен кошо күйүп кеткен. Бирок жыл соңунда кайра калыбына келтире алган. Бул боюнча колумда мэриянын токтому да бар дейт Пазылов.

Аукцион аркылуу сатып алынган жер

Жашоочулардын турак жайлары борбордук Тешик-Таш базарына чектеш жайгашкан. Ал эми базар өзү ишкерге таандык. Шырдаков базардын аймагын мамлекеттик менчиктештирүү программасы боюнча 1999-жылы аукцион аркылуу сатып алганын айтат.

«Бул жер меники экендигин далилдеген мамлекеттик акт, жеке менчик тууралуу күбөлүк, сатып алганда мамлекетке төлөгөн дүмүрчөктөр, эң башкысы токтом бар […] 1978-жылы ушул үйлөр бузулсун деген токтом чыккан. Булар [тургундар] акчалай конпенсация алышкан. Мен аксачын төлөсөм, мен ээ болбой анан ким ээ болот?» — деди Шырдаков.

Тешик-Таш базарына чектеш жайгашкан турак жайлардын бири. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / kloop.kg

Ишкер ага таандык жердин аянты эки гектарды түзөөрүн, анын жарымында турак жайлар жайгашып тазалана электигин билдирди. Тургундар жерди бошотуп берсе, ири соода түйүнүн курмакчы. Ал үчүн инвестор да тапканын айтууда. Ал эми Тешик-Таш базары шаар четине көчүрүлөт.

Шырдаков ноябрда сотко кайрылган. Эгер өкүм анын пайдасына чечилбесе облустук сотко, андан ары президентке чейин кайрылууга даярмын дейт.

Баш паанеги жок калуу коркунучунда турган жашоочулардын бири Үлпат Абдуллаева сот отурумуна чакыруу кагазы келгенин тастыктады. Буга байланыштуу тургундар адвокат жалдап, жергиликтүү бийлик органдарынан да жардам сурашууда.

«Жер кимге таандык экенин сот аныктайт»

Сулайман-Тоо-2 муниципалдык аймактык башкармалыктын муниципалдык курулуш боюнча адис Нурунбет Ыймангазиев «Клоопко» 11-декабрда жерлердин кимге таандык экенин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөндүгүн билдирди. Ага мамкаттоо кызматынын, архитектура жана экотехинспекция башкамалыктарынын өкүлдөрү киришкен.

«Архитектурага барып архивди көтөрүп чыгыш керек экен. Азыр ар кимдики өзүнө туура болуп атат. Учурда бир нерсе деп айтуу кыйын. Архивди көтөргөндөн кийин так маалымат бере алабыз», — деп түшүндүрдү Ыймангазиев.

Ош шаарынын мамкаттоо башкармалыгынын башкы адиси Турдубек Жусупов «Клоопко» жер кимге таандык экенин сот аныктайт деп маалымдады: «Документтер боюнча жерлер Шырдаковго таандык болуп жатат, бирок жашоочулар көп жылдардан бери жашап келишкени анык. Азыркы учурда документтердин баары соттук текшерүүдө».

Шаардын четине көчүрүлө турган Тешик-Таш базары. Сүрөт: Айбике Адилет кызы / kloop.kg

Айласы кеткен тургундар укуктук жардам сурап Ош шаарындагы «Интербилим эл аралык борбору» коомдук уюмуна да кайрылышкан. Аталган уюмдун жетекчиси юрист Гүлгакы Мамасалиева ишкер документтерди жасатып алган деп божомолдоодо.

«Мыйзам боюнча жер элге таандык, ал эми ишкер Шырдаков ошол үйлөрдүн жерлерин мен сатып алганмын деп жатат. Сатып алгандагы документти кантип жасаткандыгы бизди таң калтырууда. Демек мамлекеттик каттоо кызматы үйлөрдүн үстүнөн дагы документ жасаган болуп калат. А бул коррупция», — деп билдирди Мамасалиева.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматчысы Бекзат Осмонкулов ишкерден 22-ноябрда Ленин көчөсүндөгү жерге болгон 17 токтомду жокко чыгаруу боюнча доо арыз келип түшкөнүн «Клоопко» тастыктады.

«Бүгүнкү күндө Ош облусттук райондор аралык соттор өндүрүшүнө кабыл алынып, азыр каралууда. Иштин ичиндеги материалдар толук изилденип бүтө электигине байланыштуу, жерлер мыйзамдуу түрдө кимге таандык экенин айтуу эртелик кылат. Соттук отурум 27-декабрга белгиленген», — деп маалымдады Осмонкулов.