Чет өлкөлүк ЖОЖго тапшыруу үчүн кошумча керектүү билим алып, документ жана акча чогултуп алдын ала даярдануу талап кылынат. Чет элдик окуу жайга, анын ичинде акысыз окууга тапшыруу реалдуу эле нерсе. «Клооп» эл аралык программалар боюнча чет мамлекеттик университеттерге тапшырган кыргыз студенттеринин кеңештерин сунуштайт.

Чет өлкөдө билим алуу чет өлкөдө жашап, чет тилдерин окуп үйрөнүүнү каалаган кыргыз студенттери үчүн дайыма актуалдуу маселе болуп келет. Эл аралык тажрыйба жана жаңы билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүнүн бири деп эсептелген атайын студенттик алмашуу программалары бар. Программалар студентке толук каржылоону, анын ичинде окуу, жашоо, медкамсыздандыруу жана транспорт акыларын кепилдейт. Ар бир студентке ай сайын стипендия жана окуу адабияттарын сатып алууга каражат берилет.

Сүрөт: Global Ugrad

Global Ugrad программасы боюнча АКШда билим алуу

Эл аралык Global Ugrad программасы — бул АКШ өкмөтү каржылаган программа. Ал Кыргызстандын студенттерине бир семестрдин же толук академиялык бир жылдыктын ичинде АКШнын ЖОЖдорунда окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Элнура Алинова — Global Ugradдин Бишкектеги финалчысы. Ал 2017-жылы тандоо баскычтарынын бардыгынан ийгиликтүү өтүп, Американын Вермонт штатындагы «Castleton University» окуу жайына өткөн.

Элнура программадан ийгиликтүү өтүш үчүн студент окуусунда жогорку жетишкендик, социалдык жашоодо активдүүлүк көрсөтүп, англис тилин жакшы билүүсү керектигин айтат.

Катышуучуларды тандоо үч баскычтан турат: билдирме тапшыруу, TOEFL тестин тапшыруу жана эксперттик комиссиянын маектешүүсүнөн өтүү.

Билдирме тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди белендөө керек:

  • Онлайн толтурулган анкета;
  • Умтулуу жана тематикалык эссе;
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Университетте окуган жылдары үчүн англис тилине которулган академиялык транскрипттер (студент өз алдынча которгон транскриптти тиркеп коё алат);
  • Эки сунуш кат (англис тилине которуу менен).

TOEFL* тестин тапшыруу милдеттүү шарт болуп эсептелинен. Аны экинчи турга өткөн катышуучулар тапшырышат. Бирок Алинованын айтымында, бул эң башкысы эмес.

(*TOEFL — Test of English as a Foreign Language. Бул студенттин англис тилин билүү жөндөмү менен деңгээлин аныктоочу расмий тест)

«Англис тилин билүү — эң башкысы эмес. Сиздин лидерлик сапат, дымагыңыз, жеке инсан катары өзүңүз, аларды тил жолтоосуна караганда көбүрөөк кызыктырат», — дейт ал.

Жыйынтыктоочу баскыч болуп Америка элчилигинин өкүлдөрүн катышкан эксперттик комиссия менен жеке маекшетүү эсептелет.

Фото: Stipendium Hungaricum Scholarship

Stipendium Hungaricum Scholarship стипендиясы менен Венгриянын университетинде билим алуу

Stipendium Hungaricum Scholarship — Кыргызстандын студенттерине Венгриянын ЖОЖдорунда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берген венгер өкмөтүнүн стипендиалык программасы.

Венгрия тарабы койгон шарттар:

  • Акысыз билим алуу;
  • Окуунун баш аягына чейин ай сайын стипендия: бакалавр жана магистратуранын студенттери үчүн 40 460 форинт (138 доллар);
  • Жалпы жатаканада орундук же болбосо турак жай ижара акысын төлөө үчүн 40 000 форинтке чейин акча (136 доллар);
  • Медкамсыздандыруу.

«Мен үчүн Stipendium Hungaricum Scholarshipтин эң башкы жакшы жагы болуп аталган программа берген стипендиясы эсептелет. Бул өтө маанилүү, себеп дегенде бул акча маселесин ойлонбостон билим алууга кунт коюуга жакшы мүмкүнчүлүк», — дейт Будапешттин Бизнес мектебинин студенти Эдилбек Абдрахманов.

Студенттин бир гана жатакана маселесинде көйгөйү жаралган. Анын айтымында, Будапешттин чет элдик студенттер үчүн жатаканаларынын шарттары начар.

«Жатакана маселесин жеке жатаканада же ижарага батир алуу менен чечсе болот. Ал үчүн ай сайын 6000 сом төлөш керек болот», — дейт Эмилбек.

Венгриянын стипендиясын алуу өзүнө бир нече баскычты камтыйт.

Биринчи турда студент умтулуу катын жана TOEFL расмий тестинин жыйынтыктарын жөнөтүп, онлайн билдирме толтуруусу керек.

Эдилбек оор делген тестке даярдануу көп деле убактысын албаганын айтат.

«TOEFLга бир айга чукул даярдандым, ютубда "Notefull"* каналында видеосабактарды көрүп, "Cracking the Toefl IBT, Princeton Review"* китебин окудум», — дейт студент.

(*Notefull — TOEFL расмий тестине даярдоо боюнча ютуб каналы,

*Cracking the Toefl IBT, Princeton Review — TOEFL расмий тестине даярдоо боюнча китеп)

Экинчи турда студентти математика, тарых жана англис тилинен сынак күтөт.

Эдилбек сынак абдан жакшы даярдыкты жана студенттин 11-класстын материалдарын билүүсүн талап кылаарын айтат.

Жыйынтыктоочу баскыч болуп венгер тарабынан өткөрүлгөн тандоо жана стипендия ыйгаруу тууралуу акыркы чечим эсептелет.

«Билдирме тапшыруудан коркпогула. Өтпөй калам деп ойлосоңор деле эч нерсе жоготпойсуңар. Бирок, эгер кабыл алынып калсаңар, анда сиздерде Европанынын студенттик жашоосун көрүп келүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болот», — деп кеңешин айтат Эдилбек.

Сүрөт: Erasmus+

Erasmus+ программасы боюнча Европанын ЖОЖдорунда окуу

Erasmus+ Европа окуу жайында бир семестр билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, окуу жана жашоо чыгымын каржылаган Европа биримдигинин программасы.

Erasmus + программасына өтүү үчүн студент үч турдан өтүүсү кажет. Биринчи баскыч — бул TOEFL расмий тести.

Erasmus + европалык студенттерди алмашуу программасынын финалчысы Адинай Нурлан кызы TOEFL тестин ийгиликтүү тапшыруу үчүн англис тилине көбүрөөк көңүл буруп, аны англис тилинде сүйлөгөндөр менен тажрыйбалашуу керектигин айтат.

Экинчи баскыч окуудагы жетишкендик тууралуу табель, сертификат, сунуш жана умтулуу катын тапшыруу сыяктуу документтерди өткөрүүдөн турат.

Адинайдын айтымында, умтулуу катында конкретүү максаттарды көрсөтүү керек, тагыраагы, мындай тажрыйбадан эмне алгыңыз келет, жашоодо эмнеге талпынасыз жана аталган программа көздөгөнүңүзгө жетүү үчүн кандай жардам бере алаарын.

Акыркы үчүнчү баскыч маектешүүдөн жана буга чейинки баскычтардын жыйынтыктарын талдоодон турат.

Адинайдын айтымында, ал бул программага экинчи жолку аракетинен соң гана өтө алган.

«Кыргыз Улуттук Университетинде биринчи курса окуп жатып Erasmus + программасына билдирме тапшыргам. Бирок анда резервге гана өтө алгам. Экинчи курста кайрадан күчүмдү сынап, натыйжада өтүп кеттим. Үчүнчү курста Германияга учуп, ал жакта “Рейндеги Людвигсхафендин” жогорку мектебинде окудум», — дейт Адинай.

Анын айтымында, окуу жайдагы сабактардын бардыгы англис тилинде өтүлүп, бош убакта немис тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлү түзүлгөн.

«Албетте башында жаңы шарттарга көнүү кыйын. Жалгызсың, башка эч ким жок, ар бир кадамың үчүн өзүң жооптуусуң. Бирок бул жөн гана кыйынчылык эмес, көбүнесе жашоо тажрыйбасы болду. Канчалык деңгээлде өз алдыңча болушуң керектигин көрсөткөн тажрыйба», — деп жыйынтыктады сөзүн Адинай.

Тексттин үстүнөн «Клооптун» журналисттик мектебинин студенттери иштешти: Ангелина Клименко жана Яна Мырзакматова.

ТЕМА БОЮНЧА: