«Аялдарга болбойт». Тыюу салган көрнөкчө илинген жеринен жоголгон, чайхана менен милиция анын болгонун четке кагууда

Социалдык тармактарда 20-декабрда «спирттик ичимдерди ичкенге, тамеки тартканга жана аялдарга кирүүгө тыюу салган» белгиси бар көрнөкчөнүн сүрөтү тараган.

Сүрөттүн автору көрнөкчөнү облус аймагындагы чайханалардын биринде тартып алганын твиттерде жазган. Ошондой эле ал аталган чайханага аны киргизүүгө баш тартышканын маалымдаган. Кийинчерээк бул пост твиттерден өчүрүлгөн. Мунун себебин ал жагымсыз талкуу башталып кеткени менен түшүндүргөн.

Чайханага аялдарга кирүүгө тыюу салынышы социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратты. Айрымдар бул аялдардын укуктарынын бузулушу деп сыпатташса, кээбирлер өлкөнүн Конституциясына туура келбейт деген пикир калтырышкан.

Кара-Суу району менен Ош шаарына чектеш жайгашкан чайхана

«Клооптун» журналисттери аялдарга кирүүгө тыюу салган көрнөкчө илинген чайхананы тапты. Ал облустун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан «Пайзиллох» чайханасы болуп чыкты.

Соцтармактарга тарап кеткен сүрөттө көрнөкчө эшиктин терезесине чапталганын божомолдоого болот. Ошондой эле сүрөттү жакындатып көргөндө дубалда күрөң түстөгү жасалга бар болгону көрүнөт. Мындан тышкары жерге салынган төшөлмө (кафель) да байкалат. Дагы бир мисал темир жасалганын астынан ак түтүкчө кеткен. Келтирилген төрт факт тең «Пайзуллох» чайханасынан табылды. Аны төмөнкү сүрөттөр далилдейт.

Журналисттер чайханага барганда көрнөкчө жок болуп чыкты. Тамактануучу жайдын кызматкерлеринин бири мурда көрнөкчө илинип турганын, бирок кийинчерээк укук коргоо органдарынын талабы менен алынып салынганын айтты. Бирок ал көрнөкчөдө «аялдарга кирүүгө тыюу салынат» деген белги бар болгонун төгүндөдү.

«ИИМден келип ушундай көрнөкчө барбы, издеп жатабыз дешти. Эшиктеги ичпе, чекпе деген жарыяларды алып койгула деп суранышты. Азыр рейд жүрүп жатат, мыйзам боюнча боло берет, бирок алып койгула дешти. Эгерде ошондой көрнөкчөлөр болгондо биз ар бир бөлмөгө коюшубуз керек эле да», — деп түшүндүрдү кызматкерлердин бири.

Бирок ал журналисттин башка суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Анын ордуна өзүн чайхананын администратору деп тааныштырган аял аялдарга тыюу салынат деген көрнөкчө илингенин төгүндөдү.

«Бул жерге аялдар көп келет — айрыкча 8 мартка, Жаңы жылда аялдары менен келишет. Апаларын, карындаштарын алып келишет. [...] "Бөтөн адамдарга кирүүгө тыюу салынат" жана "Ичкенге, чеккенге тыюу салынат" деген эле көрнөкчөлөр бар. Аялдарга кирсе болбойт деген нерсе жок бизде», — деди «Пайзуллох» чайханасынын администратору.

Бирок ал чайханага ИИМдин кызматкерлери рейд менен келип кеткенин көрбөгөнүн айтты. Ал эми «Клооптун» журналисттери сүрөт менен чайханадагы окшоштуктарды көрсөткөндө, «жөн гана дал келүү» деп кутулду.

Мындай чайхана жок болуп чыкты, а бирок...

Соцтармактардагы нааразычылыктан улам Ош облустук ички иштер башкармалыгы чайхананы табуу боюнча иш алып барып жатышканын билдиришкен. Ал эми Ош ШИИБи шаарда «аялдарга кирүүгө тыюу» салган чайхана жок деп ишендирген.

Көп өтпөй милициядан иликтөөнүн жыйынтыгы менен облустун аймагында мындай чайхана табылбаганын кабарлашкан. Ошондой эле маалымат жалган болгонун, аны тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын кошумчалашкан.

Ошого карабастан Ош ОИИБи баштапкы расмий билдирүүсүнө карама каршы келген маалымат берди.

«Клооптун» журналисттери Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Кара-Суу районунун аймагында рейд жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ошол эле убакытта ал ИИМ кызматкерлери «Пайзуллох» чайханасына келип, көрнөкчөнү алып салууну суранышканын төгүндөдү.

«Биздин кызматкерлер ал деп айткан жок, алар бул [көрнөкчөнүн] сүрөтү соцтармактарга тараганда өздөрү эле алып коюшкандай көрүнөт. [...] Азыркы учурда бул тууралуу Ош ШИИБинин кызматкерлери материалдарды чогултуп жүрөт. Кийинчерээк Ош ОИИБга өткөрүлөт. Азырынча кайсы чайханада тартылган жана анын ээси ким экенин аныктап жатабыз. Бир-эки күндө табылат, маалымат беребиз», — дейт Аширбаев. А бирок мурдараак укук коргоо органдарынан мындай чайхана облус аймагында жок болгонун маалымдашкан.