Президент Сооронбай Жээнбеков Мухайе Муминовага «Эрдик» медалын тапшырып жаткан учур. Сүрөт: Султан Досалиев

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 23-декабрда аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайы Мухайе Муминованы кабыл алды. Муминов үстүбүздөгү жылдын сентябрында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатакта курман болгон.

Президент Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, күйөөсү мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгиледи. Ошондой эле Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганын билдирип анын колуна тапшырды.

Жээнбеков Муминовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп тураарын убадалады. Буга чейин өкмөт тарабынан маркумдун үй-бүлөсүнө турак жай сатып алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.