Ош шаарынын борбордук аянтындагы Жаны жылдык балаты. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган Жаңы жылдык балаты 24-декабрда кечки саат 19:30да жандырылды. Иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 1000ден ашуун тургундар катышты.

Шаардыктар балаты менен сүрөткө түшүп, концерттик программа менен оюн зоокторго күбө болушту.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, каражатты үнөмдөө максатында былтыркы балаты орнотулду. Ал эми балатыны жана аянтты кооздоо үчүн 1 млн сомдой каражат жумшалды. Анын бийиктиги 30 метрди түзөт.

Өткөн жылы мэрия балаты сатып алуу жана аны коздоо үчүн 1,4 млн сом сарптаган.