Бир метр карды жиреген электромонтер Алмаз Умаров. Сүрөт: Айтмамат Назаров

Жалал-Абад облусуна калың жааган кардан улам айрым аймактарда 22-декабрга караган түнү электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Сузак районунун Орток айылындагы жарыкты калыбына келтирүү үчүн «Жалал-Абад электро» ишканасынын кызматкери Алмаз Умаров бир метрге жеткен карды жиреп үзүлгөн аба чубалгыларды улаган.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров фейсбук баракчасында кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

«Алыскы тоолуу аймакта кыштын ызгаарына, кардын калыңдыгына карабай өз ишин алып барган энергетиктерге ыраазычылык билдирем […] Катаал шартта эмгектенип, жашоочуларга электр жарыгын улап берген кызматкерлерибиз алкышка татыктуу», — деп жазган ал.

Ошондой эле электр мамычаларга чейин Умаров жана кесиптештери ат минип жалпысынан 10 километрден ашуун жолду басып өткөн. Анткени калың кардан улам унаа жолдору да жабылган.

Кыргызстандын энергетика тармагынын түптөлүшүнө быйыл 85 жыл. 1934-жылы Кыробкомдун ВКП бюросу Фрунзе шаардык тармактарын 6 кВ чыңалууга өткөрүү, диспетчердик кызматты жана Фрунзе энерготутумун башкаруу боюнча органды түзүү тууралуу токтомду кабыл алган. Ушул документти кабыл алган күндөн баштап Кыргызстандын энерготутумунун өнүгүү тарыхы башталган.