Күч түзүмдөрүнүн башчыларын отставкага кетирүү маселеси иликтөөнүн жыйынтыгы менен каралат

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев УКМКнын, бажы кызматынын, финполдун жана финчалгындын башчыларын отставкага кетирүүү маселеси менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Бул маселени Бекешев «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин бажы кызматындагы коррупция жана Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөсүндө келтирилген факттардын негизинде түзгөн.

Эл өкүлүнүн суроо-талабы президентке жолдонгонуна карабастан жооп өкмөттүн аппаратынан келип, ага өкмөттүн ыйгарым өкүлү Алмасбек Абытов тарабынан кол коюлган.

Катта ведомстволордун жетекчилерин отставкага кетирүү маселеси ведомстволор аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен каралаары айтылат. Өкмөттүн аппаратынын маалыатына ылайык, комиссия сотко чейинки өндүрүш процессин баштаган жана учурда бардык тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Сотко чейинки өндүрүштун жыйынтыктары тийиштүү чараларды кабыл алууда жана акчаларды мыйзамсыз чыгаруу боюнча мыйзамсыз схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароодо юридикалык баа берүү үчүн негиз болуп берет», — деп айтылат катта.