«Клооптун» журналисттери президенттин басма сөз кызматынын башчысын көңүл бурдуртуу үчүн ушинтип аракет көрүштү. Сүрөт: Айзирек Иманалиева

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге басма сөз жыйынын уюштурду.

«Клооптун» журналисттерине жыйында суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Бирок алардын үчөө тең бир нече саатка созулган президент менен болгон жолугушууда колдорун тынбай көтөрүп жатышкан.

Басма сөз жыйындын аягында «Клооптон» барган Евгения Михайлиди зал жаңырта суроо бергиси келип атканын кыйкырып, бирок ага басма сөз кызмат суроо берүү мүмкүнчүлүгүн бербей койду. Суроо угуунун ордуна Жээнбеков «мындай конференциялар дагы көп болот» деп айтты.

Басма сөз жыйындан кийин Жээнбеков бир аз убакытка журналисттер үчүн даярдалган фуршетке келип, ал жерден да «Клооптун» кабарчысы ага суроо узатууга аракет кылды. Бирок Жээнбеков ага «Суроолордун бардыгына жооп бердим» деп айтып, кетип калды.

Президентке биз төмөнкү суроону узаткыбыз келген:


«Биз Райым Матраимов бажыда сиз президенттикке келгенге чейин эле иштегенин түшүнөбүз, бирок анын үй-бүлөсүнүн Дубайдагы мүлкү тууралуу маалымат ушул жылы гана белгилүү болду.

Биз Матраимовдордун үй-бүлөсүндө Дубайда 12 млн доллардан ашуун турган кыймылсыз мүлкү жана бизнеси бар экендиги, анын ичинде бул анын ачык булактардагы киреше декларациясына дал келбестигин көрсөткөн фактыларды келтирдик. Жакында эле Factcheck басылмасы Райымбек Матраимовдун жубайында жалпы суммасы 270 миң доллардан бир аз көбүрөөк сумманы түзгөн кийим-кече жана кол сааттары бар экенин, алар да анын кирешесине туура келбесин айтып берди.

Бул жагдайлардын бардыгы боюнча текшерүү уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексининин мыйзамсыз баюу жөнүндө 323-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш уюштурса болот.

Бул бузуу боюнча УКМКнын да тергөөгө тиешеси бар, анын башчысын, урматтуу президент, сиз дайындайсыз. Интернеттеги ушунчалык сандагы ачык маалыматтарга карабастан, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин өзүнчө иш жана Райым Матраимовдун мыйзамсыз байыган болушу мүмкүндүгү фактысы боюнча ага карата сотко чейинки өндүрүш жок болуп атат, буга кандай оюңуз бар?»


Бул маалыматты бөлүшүңүз. Балким Сооронбай Жээнбеков окуп, бизге өзүнчө жооп берип калаттыр.

Суроонун констекстин түшүнгөн жоксузбу? Анда биздин Азаттык жана OCCRP менен биргеликте кыргыз бажысындагы коррупция жөнүндө жасаган иликтөөбүздү окуңуз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар