Түркиялык фотосүрөтчү Зафер Динчер бул сүрөттү Ош облусундагы Алайкуу өрөөнүндө тартып, өзүнүн инстаграмында жарыялаган.

Сүрөттө Терек айылынын тургундары улак тартыш оюнуна чогулуп жатышат.

Социалдык тармактардын колдонуучулары сүрөттөгү табияттын көрүнүшүн «Тактылар оюндары» (ред. — «Игра престолов») сериалындагы Дубалга салыштырышкан.

Зафер Динчер Кыргызстанда жашап жатканына 14 жыл болду. Ал азыр Оштогу лицейде физикадан сабак берет. Жумуштан тышкары ал Кыргызстандын эң алыскы жерлерин кыдырып, аларды сүрөткө тартат — бул анын хоббиси.