Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбеков жубайы менен президенттик балатыга катышты — Бишкектин филармониясынын сахнасында балдар өз өнөрүн көрсөтүшүп, андан соң өлкө башчысына робот белек кылышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, президенттик балатыга келген балдарга да белектер берилгенин бирок кандай белектер экенин айткан жок. Президенттик балатыга Кыргызстандын ар аймагынан 1100 бала келген.

Жээнбеков балдарга «өлкө тагдыры» жакында алардын колунда болоорун айтып, алардын балалыгы бактылуу болушу үчүн бардыгын жасаарын убада кылды.