Ош мэриясы шаардык бюджеттин эсебинен 500дөй кишини ресторанда коноктоду

Ош шаардык мэриясынын жаңы жылдык кечеси. Сүрөт: Tez Kabar

Материал саат 16:56да жаңыртылды.

Ош шаардык мэриясы 27-декабрда калаадагы ресторандардын биринде жаштарга арналган жаңы жылдык кече өткөрдү. Буга кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Иш-чарага мэр Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов, жаш жетекчилер, активисттер, студенттер, ишкерлер жана журналисттер катышышты. 

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кечени мэриянын алдындагы Жаштар комитети уюштурганын билдирди. Бирок каржылоого канча каражат кеткени тууралуу маалыматы жоктугун, бул суроого жоопту комитеттин төрагасынан алууну айтты.

Материал жарык көрөөр алдында комитеттин Иззатбек Берхмаматов комментарий алууга жеткиликсиз болду.

«Клооптун» журналисттери Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтынан кече уюштуруу тууралуу тендерди таба алышкан жок.