Жаңы-жыл мына-мына кирип келем турса да кооздолгон балаты жана витриналар сизге майрамдык маанай тартуулабай жатса, демек Жаңы жылдык жарнамаларды көрүп чыгууга убакыт келип жеткен. «Клооп» сиздер үчүн мээримдүүлүк, башкаларга окшобогон белек-бечкектерди берүү жөндөмү жана үй-бүлөнүн маанилүүлүгү жөнүндө майрамдык 10 тасманы тандап алды.

Бала чактагы кыялдарды эске салат

Британиянын Argos каталогу адамдарга бала чактагы кыялдар жана аларды жүзөгө ашырууга эч качан кеч эместиги жөнүндө эске салууну чечкен. Ал эми эгер сиздин балдарыңыз болсо — кыялдарды чогу жүзөгө ашырууга болот.

Балдар менен чогуу бир нерсе кылууга ынандырат

Балдар менен чогуу каалаган нерсени, жада калса Lamborghini унаасын жасаса болот. Автоконцерндин өз үйүнүн гаражында супер унаа чогултушкан Стерлинга Бэкус менен анын 12 жаштагы баласы Ксандер тууралуу видеосун көрүңүз.

Дайыма тил табышса болоорун көрсөтөт

Microsoft дагы кичинекей кыз менен технология тууралуу жагымдуу видео тарткан. Ал керектүү гаджет менен ким менен гана болбосун, алтүгүл бугу менен да тил табышса болоорун чагылдырат.

Көз жашын агызат

Apple үй-бүлө, албетте, технология жөнүндө да жүрөк элжиреткен чакан тасма тарткан. Анда кемпири кайтыш болуп, жалгыз калган карыяны сүйүндүрүү үчүн неберелери үй-бүлө тууралуу өз тасмасын тартышат.

Күндү жагымдуу кылат

Very.co.uk компаниясы белек-бечкектердин маанилүүлүгүн эске салат — өзгөчө жалгыз калгандар үчүн. Анын мультфильми абдан жүрөктү жылыткан эмгек болгон.

Өзгөчө белек даярдоого шыктандырат

Белектердин маанилүүлүгү жөнүндө сөз болуп жаткан соң, британиялык TK Maxx онлайн дүкөнүнүн видеосун көрүп көрүңүз. Бул Тито Клаус тууралуу күлкүлүү тасма. Ал белектерди көнүмүш адат катары бербестен, майрамдык белектерди тандоодо баамдоо менен мамиле кылат.

Досторду табыштырат

Эгерде сизди бала чагыңыздан бери Эллиот менен келгин качандыр бир кезде жолугушабы же жокпу деген суроо тынчыңызды алып келген болсо, анда Xfinity тарткан Стивен Спилбергдин легендарлуу тасмасынын уландысын көрүңүз.

Табитти ачат

TESCOнун курьери кардарларына тамак-аш жана майрам үчүн белектерди буйрутма менен алдырса болоорун эске салат.

Бийге түшүү

Marks & Spencer бренди майрамды свитерчен бийлеп тосууну сунуштайт. Бий көчөдө, аялдамада жана кеңседе — чын эле, бийге түшүүгө убакыт келди.

Жомокко жетелейт

Эми болсо аягында — Санта, печенье жана Samsungдун сүтү менен кошо тартылган классикалык видео. Санта жана Аяз Атага ишенесизби же жокпу — бул маанилүү эмес, бирок эң негизгиси бул видео Крис Каламбустун тасмаларындагы жаңы жылдык стилиндеги музыкасы абдан мыкты маанай тартуулайт.