«Клооптун» кыргыз тилдүү ютуб каналында жана фейсбук баракчасында 2019-жылы даярдалып эң көп көрүлгөн 10 видеону сунуш кылабыз. Алардын арасында өз жанын кыйган Үмүтжандын окуясы, депутат Искендер Матраимовдун журналисттик иликтөө боюнча айткан ою, стереотипти жеңген тигүүчү аксакал жана укук коргоочуну ашата сөккөн аткаминер бар.

Өз өмүрүнө кол салган Үмүтжан

Оштун Араван районунун 18 жаштагы тургуну Үмүтжан Кочкоровдун жансыз денеси 2018-жылдын 11-августунда өз үйүнүн чатырынан табылган. Анын жакындарынын айтымында, Үмүтжанды өзүн-өзү асып алууга мурдагы сүйлөшкөн кызынын ата-энеси жана кайын агасы жеткирген. Кырсык орун алган күнү ал турмушка чыгып кеткен сүйлөшкөн кызы менен жолуккан экен. Окуя тууралуу төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар: https://bit.ly/2MQFily

Үч миң метр бийиктиктеги жашоо

Урмат Абдрахманов менен анын аялы Элзат Оторбаева үч миң метрден ашуун бийиктиктеги жайлоодо жашашат. Жайлоого эң жакын делген Каракол шаарына чейин алты сааттык жол жүрүү керек. Урмат аялы Элзат менен мал жайып, аларды карышкырлардын кол салуусунан коргошот. Алардын эки кызы бар, балдар ата-энеси менен мектеп каникулу учурунда эле жашашат.

Искендер Матраимовдун иликтөө боюнча ою

Депутат Искендер Матраимов «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткен жана Стамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити тууралуу иликтөөсү боюнча пикирин билдирген. Бул тууралуу кеңири төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар: https://bit.ly/2ufz8VC

Кооптуу аймакта жашаган 23 үй-бүлө

Нарындын Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Туюк-Суу аймагында 2006-жылдан бери көчкү түшүү коркунучу бар. Кокус жаратылыш кырсыгы орун алса, ал уран калдыгын Туюк-Суу дарыясына агызышы мүмкүн. Ал аймакка жакын жашаган 23 үй-бүлө көчүрүлө элек: https://bit.ly/2IETYDZ

Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча ою

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбековдун президенттигин легитимдүү деп тааныбасын билдирди.

Керкидан суу сактагычы Өзбекстанга өттү

Ош облусттук администрациясы Керкидан суу сактагычындагы 400дөн ашуун гектар жер Өзбекстанга Гулбаар айылына жакын жер тилкеге алмаштырылгандыгын билдирди. Жергиликтүү тургундар суу сактагычтын коңшу өлкөгө өтүп кеткени тууралуу кабары жоктугун айтышууда: https://bit.ly/2kdL3yt

Ош шаарында ачылган динопарк

Ош шаарында 9-май күнү балдар үчүн динопарк ачылды. Парк күн сайын саат 10:00дон 22:00го чейин иштейт.

Акча талап кылууга шектелген блогер

Өзгөн райондук милициясы блогер Бауржан Кадырбековду 8-май күнү кармаган. Милициядан «Клоопко» билдиришкендей, ал жергиликтүү ишкерлерден опузалап акча талап кылууга шектелүүдө. Кадырбеков өзүнүн «Чындык Маалымат KG» ютуб каналына Өзгөндөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тасмага тартып киргизип турган:https://bit.ly/2JF9ZZY

Жетимиштеги чебер ата

Баткендин Самаркандек айылында жашаган 70 жаштагы Козубай Маматов окуучулук курагынан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Теңтуштарынын маскаралаганына, коомдо калыптанып калган «эркек кишинин иши эмес» деген пикирге карабай кийим-кечектен кыздардын себине чейин даярдайт. «Ар ким өзүнө жаккан иш менен алектениши керек» дейт Козубай аксакал: https://bit.ly/2QkhPv1

Кызыл-Кыяда аткаминер укук коргоочуну ашата сөктү

Укук коргоочу Роза Маманова фейсбук баракчасына Кызыл-Кыя шаардык архивинин директору Мамыт Ботоев аны кемсинткен сөздөрдү айтканы тартылган тасманы жарыялады. Ботоев ачуу үстүндө сөгүп жибергенин билдирди. Аталган факт «Майда бейбаштык» беренеси боюнча катталып, тергөө иштери жүрүүдө:https://bit.ly/2X2Qi6p