Кербек шаардык ооруканасында коридорго жаткырылган эне-бала. Сүрөт: Санрабия Сатыбалдиева

Журналист Санрабия Сатыбалдиева фейсбук баракчасына 6-январда Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык ооруканасында жаш балдар апалары менен коридорго жаткырылганы тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Анын айтымында, бейтаптар айыкпай эле кайра оорулары күчөп жатышканын айтышууда. 

Сүрөттөрдөн коридорго жаткылырлгандар балдары үчүн керебетти отургучлардан курашканын көрүүгө болот.

«Ооба, орун жетишсиз. "Жылда ушул абал, баарында бирдей" деп, кол куушуруп отура беребизби? Саламаттыкты сактоо министрлиги ойгонсо боло», — деп пикир калтырган ал.

Оорукананын башчысынын орун басары Кылычбек Буланбеков журналисттин постуна бейтаптар коридорго убактылуу жаткырылган деп комментарий калтырган.

«Жекшемби күнү оорулуулар үйүнө чыгарылбай, дем алыш күндөрү оорулуулар көп болуп жаткыруулар да көбөйгөн. Эртең менен акыбалы жакшыргандар үйүнө чыгарылып, коридордогулар бөлмөлөргө киргизилген», — деп түшүндүргөн Буланбеков.

Ал ишендиргендей, 6-январда таң эрте коридор бошотулган. Ал арада аталган окуя соцтармактын колдонуучулары арасында кызуу талкууланып жатат. Айрымдар дарыгерлерде күнөө жок дешсе, кээ бирөөлөр министрлик ооруканадагы абалга көңүл бурушу керек деп эсептешкен

Ал эми өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаган. Бул тууралуу ал Жаңы жылдык куттуктоосунда билдирген. Жээнбеков балдар мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж болгонун белгилеп, балдардын саламаттыгы көңүл борборундагы маселе болгонун айткан.