Америкалык режиссёр Рейчел Сайн күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жөнүндө даректүү тасма тартты. Ал спортчуну соңку 2 жыл ичинде машыгуу жана турнирлерде коштоп жүргөн.

Айсулуу Тыныбекова дүйнөдө мыкты балбан деп таанылып, күрөш боюнча эң мыкты спортчу кыз-келиндер тизмесинин сап башына чыккан.

Тыныбекова 2019-жылы сентябрда күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Тыныбекова спорттун эркин күрөш боюнча балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал эки жолу Олимпиадалык оюндарга катышып, бирок медал албай калган. Балбан кыз келе жаткан Олимпиада оюндарында да күч сынамакчы.