Караколдо жарандык аялын өртөөгө шектелип күйөөсү кармалды

4-январда Ысык-Көл облустук ооруканасына денеси күйгөн аял жеткирилген. Жабырлануучу менен жарандык никеде жашаган адам ага бензин чачып, өрттөп жибергени кабарланган.

Денеси күйгөн аял облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген. Анын алган жаракаттары тууралуу азырынча белгисиз — муну соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Бирок журналисттер ооруканага таянып, колдору жана бети күйгөнү тууралуу маалымдашкан.

Бул кылмыш Каракол шаарында орун алган. Аялга өрттөөгө шектүү адам кылмыш болгон жерден качып кеткен. Милиция аны эки күн өткөндөн кийин кармап, соттун чечими боюнча ал тергөө жүргүчөктү эки айга тергөө абагына киргизилген. Кылмыш «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

«Турмуш» басылмасы

Январь айынын биринчи аптасында милиция күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам эки аял көз жумганын ырастады. Алардин бири 4-январда Баткенде, экинчиси 1-январда Нарын облусунда каза тапкан. Эки аялды тең күйөөлөрү такай сабап турган, ал эми окуя болгон күнү алардын баштарынан жаракат алышкан. Бул кылмыштар бирдиктүү реестрге катталган.

Эки маркумдун артында бир нече балдары калган. Эми алар туугандарынын колунда чоңоюшу мүмкүн.

Ушундай адам өлтүрүү окуялары тууралуу ЖМКлар дээрлик ай сайын кабарлайт. Бирок бул учурлар ачыкка чыккандары гана.

Бул окуялардан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аялдар менен балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

«Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бул бейпил үй-бүлөнүн жана бакубат улуттун кепилдиги», — деди ал.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек.

Эгер милиция үй-бүлөлүк зомбулукту каттоодон баш тартса, ал мыйзам бузган болот. Ошондой эле кризистик борборлордогу юристтерден жардам сурап кайрылса да болот. Эгер сиз өзүңүздүн жана балдарыңыздын коопсуздугунан корксоңуз, анда кризистик борборлордо сизге жардам беришет. Алар сизге бир гана психологиялык эмес, юридикалык да жардам көрсөтүп, башпаанек бере алышат. Статистика боюнча, зомбулук курмандыктары көбүнесе милиция же оорукана эмес, дал ошол кризистик борборлорго кайрылышат. Бул шилтеме менен кирип сиздин аймакта жайгашкан кризистик борборду көрө аласыз.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча сиз корук катты узарта аласыз — биринчиси үч күнгө, кийинкиси бир айга берилет, корук катты бузгандыгы үчүн зомбулук көрсөткөн адамга карата санкциялар каралган. Ал эми сот бул каттын негизинде зордукчуну жалпы турак үйдөн көчүрү же анын ата-энелик укуктарын чектеп коё алат.

Авторлошу: «Клооптун» мектебинин студенти Адеим Убакеева

ТЕМА БОЮНЧА: