Соңку учурларда Баткен, Кочкор сыяктуу аймактардан келип жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар тууралуу кайгылуу кабарлар кыргыз коомунун турмушун түнөртүп салды. Кара сөз кошогу дал ошол окуялардан улам жаралды…

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке көз карашын билдирет. Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Макаланын автору — Тынчтыкбек Чоротегин.

Азыркынын кошогу

Кагылайын, он гүлүнүн бир ачылган чакта периштеге айланып, учуп кеткен карындашым!

Бир кезде адам кебетелүү айбандардан качып, бөрүлөргө туш болуп, күлгүндөй өмүрүнөн ажыраган Ажарлар чыкканын уккан элек, аларды сен да окусаң керек?

Дастандарыбызда каарман Кыз Сайкал, Жаңыл Мырзалар даңазаланып келчү, аларды сен да жок дегенде мектептик «Хрестоматиядан» окусаң керек?

Тоо элинин эркин да билдирген, кызыкчылыгын да жактаган Курманжан даткадай кеменгер апалар чыккан, алар тууралуу тарых сабагынан уксаң керек?

Кеңеш бийлиги маалында аялзатынын туусу болгон Уркуя Салиевадай энелер чыккан, бул инсандар жөнүндө кабардар болдуң бекен?

Таланты менен жылдызга кол сермеген Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Динара Асанова сыяктуу эжелер чыккан, аларга өзүң деле таазим кылсаң керек?

Ар бир тагдыр — инсандык кадыр-баркка, адилеттикке жетүү мүдөөсүндөгү сабаттуу күрөш үчүн берилген жападан-жалгыз мүмкүнчүлүк экенин туйдуң бекен?

Өмүрлүк жар болбой, өмүрдөгү жаналгычка айланган киши кебетелүү айбанга чыгып жатканыңды алгач сездиң бекен?

Коомдо эскичил, патриархалдык үстөмдүккө маашырланган катмарлар үстөмдүк кылып жатканына сересеп салып, курбуларың менен бул кырдаалды талкууладың бекен?

Өзүңө зомбулук кылган күйөөңдү колдогон кайындарыңдын жана төркүндөрүңдүн эки жүздүүлүгүн өзүң үчүн ашкерелей алдың бекен?

Патриархат менен матрай-архат үстөмдүк кылып жаткан коомдо үй-бүлөлүү аялзатына «зайып» сөзү таңуулангандыгын, бул сөз — арапча «алсыз» деген сөздөн келип чыкканын, чын-чынында, аялзаты — алсыз эмес, адамзаттын улам жаңы муунун төрөгөн кубаттуу жыныс болорун талдадың бекен?

Азыркы айрым дааватчылар коомду шарияттык орто кылымдык үстөмдүккө чакырып, сага төрт аялдын бири болуу «бактысын» таңуулап жаткан кезеңде, VII кылымда, башкача айтканда, 14 кылым илгери, ооба, 1400 жылдай илгерки заманда, мусулмандык коомго таңууланган бир катар эскичил диний чектөөлөр азыркы учурдагы, XXI кылымдын башындагы, жалпы адамзаттык бакубаттыкка негиз болчу инсандык укуктарыңды тебелей турганына маани бердиң бекен?

«Эгерде күйөөң сени төпөштөчү болсо, анда ал сени сүйгөнүн билдирет» деген эскичил орус ылакабын кайталап, маашырланган, арак-шарап ичип кутурган, же болбосо, сакалын узун өстүрүп такыба болумуш болгону менен, үйдө жарына кол көтөрүүнү айып катары санабаган көркоо күйөөдөн кутулуунун чечкиндүү жолу — аны менен тез арада ажырашуу экенин, мындай учурда төркүнүңдүн болжолдуу элдештиргич сөзүнө да, төрөп алган балдарыңдын атасыз калышы мүмкүн экендигине да эч карабашың керек экенин кимдир-бирөө сага айтты бекен?

Деги, көзү көгала болуп, койчо сабалган азаптуу турмуштан башка да жаркын өмүр, чыныгы сүйүүгө жана мээримге балкытчу жашоо бар экендигин жок дегенде көркөм адабият, көркөм тасма, обондуу ырлар, даректүү окуялар аркылуу тааныдың бекен?

XXI кылымдын башында «аялды тарбиялоо үчүн жаскап-жускаса болот» деген, ошондой эле, секулярдык (дин менен мамлекеттик башкаруу ажыратылган айдыңдык) коомдо айдан-ачык эле токолу менен мыйзамсыз жашап келе жатканына мактана сүйлөгөн ажы чалыштар расмий жетекчинин үйүндө конок болгонуна маашырланып айтып турганын Интернеттен окуп алып, балким, «бардык эле кыргыз эркек таналары аялдарын төпөштөйт экен го» деген жалган түшүнүккө жетеленип алдың бекен?

Балким, арсыз күйөөң айрым молдолордун «көгала кылбастан уруп, тарбияла» деген сыяктуу насааттарына жетеленген пендедир?

Балким, бул «жалган дүйнөдө канчалык мүшкүлдүү турмушту көрсөң, аркы дүйнөдө сөзсүз түрдө бейиш төрүнөн орун аласың» деген жалган убадаларга ишендиң бекен?

Бул убадаларды апыртып айткандардын эч бири тиги дүйнөгө жок дегенде бир ирет башпагып, анан бул «жалган» делген дүйнөгө кайра кайтып келбегендигин, алар деле тиги дүйнө тууралуу эсхатологиялык ой жорутууларды жөөттөрдүн, христиандардын (тарсалардын) жана мусулмандардын эски уламыштарына негизденип, кээде кошумча-алымчасы менен «кыргызчалаштырып» айтып жатканын байкадың бекен?

Бейиште эркекти «70 же андан көп үр кыз күтүп турат» деген былжырактардын бардыгы VII кылымдагы төрт аялы же гареми бар эркек таналардын бузулган фантазиясы экенин сын көз менен талдадың бекен?

Дал ушул дүйнөдө өз бактың үчүн өзүң күрөшүүң зарыл экенин, ошол үчүн «сактансаң, кудай сактайт», «батага ишене бербестен, өзүң да кыялыңды жүзөгө ашырууга далалат кыл» деген сыяктуу элдик накыл сөздөр келип чыккандыгын баамдадың бекен?

Бул дүйнөдөгү үй-бүлөлүк кордукту жоюу үчүн бир гана мыйзамдуу кадам бар экенин — өзүңдү эч кадырлабаган инсандан мыйзам түрүндө чечкиндүү ажырашуу жолу бар экендигин улам кайталап айткан укук коргоочулар сага деги бир ирет учурады бекен?

Секулярдык мамлекетте расмий бийлик органы (маселен, атуулдук турумду каттоо мекемеси) никелештирген документсиз, жөн гана молдо кыйган нике менен жашоо — бул көбүнесе патриархалдык системага таянган эркек тананын гана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырарын, аялзатын мындай тобокелчилик ар дайым жарга такап келгендигин айтышты беле?

Иран сыяктуу айрым мусулман өлкөлөрүндө эркектер кечинде сексуалдык курмандыкка чалынган айымды молдого никелетип, бир нече сааттан соң «үч талак» жарыялап ал бечарадан оңой кутулушарын, демек, иш жүзүндө, шариятты мыйзам катары жарыялаган өлкөдө деле сойкулукту жаап-жашырылган түрдө жайылткан кылмышкерлер - дал ушул «такыба эркек таналар» жана аларды «никелештирген» молдолор экендигин сындагандарды окудуң бекен?

Күйөөсү менен ажырашкандарды курулай жеригендик жана ажырашкан аялдарды кодулоо — бул дагы аялзатынын инсандык укуктарын баалабастык жана тебелөө болорун кимдир-бирөө сага түшүндүрдү бекен?

Үй-бүлө курууга бел байлагандар эч качан ажырашпайбыз деп ойлошору түшүнүктүү. Бизде айрымдар тарабынан жаманаттыга алынган Батыш Европада үйлөнүп жаткандар болочокто ажырашып калса, кандай негизде аны жүзөгө ашырарын алдын-ала тактап, никелешерде келишим түзүшөт. Ушул «Батыштын жапайы салты» биринчи кезекте аялзатынын кызыкчылыктарын коргоп жаткандыгын Ала-Тоодо сага кимдир-бирөө каңкуу кылып айтты бекен?

Өзүн ала качып бара жаткандарга каршылыгын билдирип жатып, полиция бөлүмүндө зордукчунун колунан набыт болгон Бурулай — XXI кылымдын башындагы чыныгы каарман кыз экенин кимдир-бирөө саймедирлеп айтып берди бекен?

Кагылайын карындашым, — жергиликтүү жана борбордук бийликтер да, алсыздарга гана корчоңдогон өзүн «Мынча сандагы чоро» деп санагандар да, Акыйкатчы мекемеси да, аялдарды коргоо уюмдары да, полиция да, соттор да, аксакалдар да, мугалимдер да, жакындарың, санаалаштарың да, мендей калемгерлер да, — сени зөөкүр күйөөңдүн колунан тапкан ажалыңдан куткарып кала албадык, эми бардыгыбызды КЕЧИРГИН!

Айып БИЗДЕ!..

Эми артың кайырлуу болсун!..

Эми сендей периштелерден ылайым эрте айрылбайлык!..

Сенин жаныңды мезгилсиз алып тынган эски түшүнүктөргө да «Кайыр кош!» дейлик...