Материал саат 23:00дө жаңыртылды.

Ырчы Асел Кадырбекова инстаграм баракчасында цирк жаныбарларынын катышуусунда тартылган жарнамалык тасма жарыялады. Жаныбарлар ырчы өткөрүп жаткан сынакта Range Rover унаасын ойнотууга «жардам беришкен». Соцтармактын кээ бир колдонуучулары жарнамада жаныбарлар катышканын ырайымсыз жана этикага туура келбейт деп сынга алышты — алардын ичинде тумшук кап кийгизилген аю да болчу.

Ырчыдан эмне себептен жарнамага жаныбарларды катыштыргандыгы боюнча комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бир нече сааттан кийин тасма анын инстаграм баракчасынан өчүрүлдү.

Бирок ырчыга жаныбарларын берген «Орусиянын алтын цирки» бизге жооп берди. Цирктин уюштуруучусу жаныбарлардын жарнамада катышканын этикага туура келбейт же мыйзамсыз деп эсептебейт.

«Жадагалса иттерге дагы тумшук кап кийгизишет, туурабы? Жаныбарлар жарнамада катышканында эч [этикага туура келбеген] нерсе жок. Биз каалагандай эле кылабыз да», — дешти орус циркинен.

Тасма Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз маамлекеттик циркинде тартылган. Ал жакка «Орусиянын алтын цирки» гастролдоп келген.

«Дешёвый понт», ырайымсыз мамиле эмес

«Бугу эне» жаныбарларды коргоочу коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова оюнду уюштургандардын аракеттерин этикага жатпайт деп баалады. Бирок ошол эле маалда эч кандай чара колдонууга мүмкүн эместигин белгиледи.

«Бул окуяны бир гана этикалык жактан карай алабыз, ал цирк жаныбарлары, үйрөтүлгөн — көнүп калышкан. Уюштуруучулар ырчыга жаныбарларды берүүгө укугу бар болчу. Тасмадагы тумшук кап кийгизилип чынжырдалган аю, менимче, жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга туура келбей калат. Тилекке каршы бул берене жаныбар өлүп калып же жаракат алганда гана колдонулат. [...] Маселе этикага туура келиши: эмне себептен бул сынакка жаныбарларды катыштырышкан? Range Roverди ал [Кадырбекова] жаныбарлар жок, өзү деле ойнотсо болмок. Боёлгон маймыл, капоттогу рептилия жана тумшук кап кийилген аю — бул этикага туура келбейт жана “дешёвый понтко” окшойт», — дейт Сеитова.

Юристтердин айтымында, аталган көрүн жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу деп эсептелбейт. Андай болушу үчүн жаныбар физикалык жактан жабыркашы керек же өлүп калышы керек. Эгерде жаныбар каза болуп калса эң жогорку жаза 180 миң сом айыппул салуу гана болот.

Читать по теме:

«Кантип Бакиевдин жеке зоопаркынан жаныбарларды сактап калгам?»

«Кажется, нащупал». Игра с бычьим глазом и живой черепахой вызывает беспокойство зоозащитников