Сүрөт: Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин кызматкерлери Таласта жарадар болуп табылган ак илбирсти 10-январь күнү эртең менен Бишктеги ветеринардык клиникага алып келишти.

Агрардык университеттин клиникасынын врачтары жаныбарды рентгенден өткөрүшүп, илбирске куралдан ок атылганын аныкташкан. Адистер жаныбардын мойнундагы териден бытыра табышкан.

«Илбирс атма куралдан жаңы жараат алганы аныкталган. Эгер бул мурда болгондо [жарааты] ириңдеп кетмек», — деп айтып берди мамагенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев.

Мамагенттиктин кызматкерлеринин айтымында, илбирс абдан алсырап калган жана ага тынчтык керек. Ошондой эле жаныбар стресс абалында экени жана азырынча эч нерсе жебей атканы белгилүү болду.

Ошондой эле алар ак илбирс операцияга муктаж экенин, бирок ага операция жасоо абалы жакшырганда гана мүмкүн болоорун билдиришти. Жаныбарга зарыл болгон бардык дары-дармектер менен дары тамчылантма коюлган. Учурда ал ветеринарлар менен мамагенттиктин кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Жарадар болгон ак илбирс 9-январда Талас облусунун Көк-Ой айлындагы Булбул-Жар токоюнда талдын башынан табылган. Жаныбар бактан түшүрүлгөндөн кийин ал көзүнөн жана тумшугунан жарадар болгону байкалган.

Экологдордун баамында, дүйнө жүзү боюнча илбирстердин саны жалпысынан 3,5 миңге жетет, алардын 500ү Кыргызстанда. Мышык түркүмүнө кирген бул жаныбар «жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбар түрү» катары Кызыл китепке 1997-жылы киргизилген.

Өкмөт 2017-жылы ак илбирсти атуу үчүн айыппулдун суммасын 1,5 млн сомго чейин көтөргөн.