Бул Economist.kgнин журналисттери жана «Декларатор» долбоору даярдаган материалдын көчүрмөсү.

Өткөн жылдын ноябрынын аягында салык кызматы аткаминерлердин 2018-жыл үчүн кезектеги декларацияларын жарыялады.

Саясий кызмат орундарды ээлеген адамдардын киреше жана чыгашаларын декларация жөнүндө мыйзам боюнча, декларация берүүчү өзүнүн жакын туугандарынын (аялы, жашы жете элек балдары жана кароосунда болгон адамдардын) мүлкүн ачыктоого милдеттүү.

Economist.kg жана «Декларатор» долбоору ачык булактар менен парламенттин депутаты жана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — Искендер Матраимовдун декларациясын салыштырып, анын жубайы бир катар компанияларда тең түзүүчү экенин аныкташкан. Парламентарийдин жубайынын бизнеси тууралуу кененирээк Economist.kgнин материалында.

Декларатор 2015-2018

2015-жылы депутат Матраимов мүлкү жана кирешеси тууралуу отчёт берген — анын отчёту жөнөкөй болгон. Иштеп тапкан акчасы болгону 367.3 миң сомду түзгөн — бул айына 30 миңден бир аз көбүрөөк акча тапкан дегенди түшүндүрөт. Анда кыймылсыз мүлкү да, кыймылдуу мүлкү да болгон эмес.

Эл өкүлү үчүн 2016-жыл бир аз жемиштүүрөк болгон. Декларациядагы маалыматтарга ылайык, ал 843,5 миң сом (айына 70,3 миң сом) киреше таба алган. Анткен менен декларацияда депутаттын мүлкү жазылган эмес.

Кийинчерээк, 2017-жылы Искендер Матраимовдун ар жылдык кирешеси 747 миң сомду түзгөн (айына 62 миңден) жана анда 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникалары, мындан тышкары баасы 290 миң сомго тете эмеректер, 140 миң сомго фото, аудио жана компьютердик техникалар пайда болуп калган.

Искендер Матраимовдун 2017-жылга карата тапшырган декларациясы
Искендер Матраимовдун 2016-жылга карата тапшырган декларациясы
Искендер Матраимовдун 2015-жылга карата тапшырган декларациясы

2018-жылы анын кирешеси дээрлик 901,4 миң сомго (айына 75 миң сом) жеткен. Ошентип турак жайы да пайда болгон — 82,4 чарчы метр үй жана 214 чарчы метр айыл чарба жер тилкеси. Техника жана эмеректер мурдагы бойдон калган.

Искендер Матраимовдун 2018-жылга карата тапшырган декларациясы

Матраимовдун жакын туугандарынын мүлкү

Депутаттын жакын туугандары декларация боюнча акыркы төрт жылда миллион сомдор менен саналган киреше табышкан.

Депутат Искендер Матраимовдун туугандарынын кирешеси:

  • 2015-жылы – 4 144 000 сом
  • 2016-жылы – 3 820 000 сом
  • 2017-жылы – 2 155 032 сом
  • 2018-жылы – 4 005 000 сом; чыгашалар – 4 080 000 сом.

Депутаттын туугандарына катталган мүлк:

  • 2015-жылы – 500м2 аянттагы соода борбору жана 400м2 аянттагы үй
  • 2016-жылы – 500м2 аянттагы соода борбору жана 400м2 аянттагы үй
  • 2017-жылы – 1385м2 аянттагы жогоруда көрсөтүлбөгөн башка орунжай жана 1 500 000 сомдук акциялар
  • 2018-жылы – 3 626 м2 аянтты ээлеген, жогоруда көрсөтүлбөгөн конструкциялар; 358 м2 аянттагы жогоруда көрсөтүлбөгөн курулуштар; 3.9 м2 аянттагы айыл-чарба багытында эмес болгон жер тилкелери; 527.8 м2 аянттагы жогоруда көрсөтүлбөгөн курулуштар; 1 075.66 м2 аянттагы жогоруда көрсөтүлбөгөн капиталдык курулуштар.

Бир гана 2018-жылы эл өкүлү жубайынын бизнеси бар болушун ачыктаган – «АвтоСТОлица» ЖЧКсы (50%). Мындан башка ишкердиги тууралуу декларацияларда бир дагы сөз жок. Бирок декларацияда коомчулукка белгилүү болгон, ал эми депутат өзү жаап-жашырып келген 176.9 м2 аянттагы батир кирип калган.

Депутаттын жубайы эмнеге ээлик кылат?

Минавар Жумаева – парламентарийдин жубайы. Ачык маалымат базаларына караганда ушундай ат менен Кыргызстандын аймагында жок эле дегенде үч фирма катталган. Депутат 2018-жылы көрсөткөн фирмадан башкасын декларациясында көрсөткөн эмес.

  • 1. «АвтоСТОлица» ЖЧКсы — 2017-жылы кайра каттоодон өткөн, кыймылсыз мүлктү башкаруу менен иштейт. Жумаева анда эки тең негиздөөчүлөрдүн бири. Буга чейин Factcheck.kg басылмасы аталган компания Бишкектеги «Эльдорадо» соода борборуна ээлик кылаарын далилдеген.
  • 2. «Ош-Плаза» ЖЧКсы — 2017-жылы августту катталган. Кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу боюнча агенттердин ишмердигин алып барат. Бул фирмада Минавар Жумаева жападан-жалгыз негиздөөчү. Компания түштүк калаада аянты бир гектардан ашуун жерде жалпы аянты 284 665 чарчы метрди түзгөн батир куруп жатат. Курулуш үчүн жер тилкеси Ош шаарындагы «Төлөйкон» кичи районунда бөлүнүп берилген.
  • 3. «Пальма жана К» ЖЧКсы — 2008-жылы кайра каттоодон өткөн. Компания Ошто шаар ичи жана шаар четинде жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенет. Депутаттын жубайы эки негиздөөчүнүн бири деп көрсөтүлгөн.

Фирмалар, алардын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери, каттоо жана кайра каттоо даталары Юстиция министрлигинин маалымат базасынан алынды.

Которгондор: Элвира Султанмурат кызы, Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков