Акмат Алагушев

Тексттин түп нускасы Медиа Полиси Институнун фейсбук барагында жарыяланган.

Милициянын «Клооптун» журналисттерине карата арызды текшерүү боюнча аракети иш жүрүп атат дегенди имитациялоо жана маани-маңызы боюнча, укуктан кыянатттык менен пайдалануу болуп эсептелет. Медиаөкүл Акмат Алагушев Ош ШИИБинин 9-январда кароосуз калган имаратты тартууга катышкан «Клооптун» журналистика мектебинин студентин суракка алганына карата ушундай комментарий берди.

«Клооптун» кызматкерлери суракта билдиришкендей, алар 9-январда Ленин 308 дареги боюнча каралбай калган имаратты тартуу үчүн барышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бул имарат мыйзамсыз курулган. Журналисттер бул имарат боюнча бир нече жолу сурам кат жөнөтүшкөн — ал документтер милицияга берилген. Мындан тышкары, журналисттер бул маалыматтарды суракта ырастап берүү үчүн тергөөчүгө телефондогу видеону көрсөтүшкөн.

«[Журналистика] мектебинин студентинен ачыкка чыгарбоо тууралуу кол кат алуунун эмне зарылчылыгы бар эле? Анткени иш сыр эмес жана тергөө сырларын камтыбайт да», — деп суроо салат адвокат.

«Алар кол катты тергөөнүн сырын сактоо үчүн алышпаганы анык, анткени учурда алар текшерүү эле жүргүзүп жатышат жана азырынча иш ачылып-ачылбашы белгисиз. Эгер кылмыштын жоктугунан улам сотко чейинки өндүрүш токтотулуп калсачы? Биз мурда белгилеп өткөндөй ушундай эле болот окшойт, анткени алардын жеке жашоосун жайылтуу болгон эмес. КЖБРга каттоо баскычында кайсыл ачыкка чыгарбоо [кол каты] тууралуу сөз болушу мүмкүн?» — дейт ал.

«Экинчиси — алар эмне “эмне үчүн” беттештирүү кылып атышат? Алар кароосуз калган үйдү тартып жатышканын кайра баштан көрсөтүү үчүнбү? Милициянын аракети иш жүрүп атат дегенди имитациялоодой көрүнөт жана маани-маңызы боюнча, укуктан кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелет», — деп жыйынтыктады Алагушев.