Оштогу Ленин жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги дрондон тартылган тасма. 2020-жыл, 9-январь.

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимов Ош шаарынын борборунда кароосуз калган имаратты дрон менен тартып жаткан «Клооптун» журналисттеринин үстүнөн арыз жазган.

Милиция буга дароо чара көрүп, соңку аптада съемкага тиешеси бар «Клооптун» үч кызматкери менен редакциянын журналистика мектебинин студентин суракка алган.

Жеке жашоонун кол тийбестиги тууралуу 186-беренени бузуу ыктымалдыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган: «Клооптун» журналисттери видеого тарткан имарат Руслан Матраимовдун үйүнүн жанында кокустан болгон.

Биз 9-январда Ошто тарткан съемкабыз 186-беренени эч кандай бузбаганына ишенебиз. Айрым кадрларда Руслан Матраимовдун үйү алыстан жана арткы планда көрүнгөнү менен жалпысынан видеодон бул объект тууралуу көп деле маалымат ала албайбыз. Ушундай эле маалыматты Google Maps сервисинин спутник сүрөтү берип турат.

Бул съемка Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердигине жана өткөн жылдын ноябрында «Клооп», «Азаттык» үналгысы жана OCCRP чыгарган биргелешкен иликтөөгө эч кандай тиешеси жок болгон. Ал иликтөөдө Райымбек Матраимов фигуранттардын бири.

Журналисттик иликтөө чыккандан үч апта өткөндөн кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык» жана 24.kg басылмаларын сотко берген. Акыркы басылма иликтөөнү өзүнүн сайтына жайгаштырып гана койгон.