«Мекенчил балдарга боштондук». Баткенде жүздөгөн адамдын катышуусунда митинг өттү

Баткен облустук драм театрдын астында 15-январда чек-арага чектеш жашаган тургундардын катышуусунда митинг болду. Алар милиция тарабынан кармалган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотууну талап кылышты.

Жеринен фейсбукта түз эфир жасаган Залкар Азимдин тасмасында митингчилер «мекенчил балдарга боштондук» аттуу чакырыктарды кыйкырып жатышканын көрүүгө болот. Тасмадагы кадрларга ылайык митинге 100дөгөн адам катышкан.

«Элдин максаты мыйзамсыз камалган төрт баланы боштондукка чыгаруу. Бирок Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү чыкпай жатат. Көк-Таш айылында чыр-чатак болгондо да барган эмес», — деп комментарий берген видеонун автору.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» билдиргендей, буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров эл менен жолуккан, бүгүн болсо зарыл иштери менен жүрөт.

«Ыйгарым укуктуу өкүлгө Көк-Таш айылынын тургундары буга чейин кайрылышкан. Ал райондун акимин, айыл өкмөт башчысын, айылдык кеңештин депутаттарын, эки-үч тургунду кабыл алган. Кармалгандардын маселеси укук коргоо органдары тарабынан каралууда, ага кийлигишүүгө укугубуз жок деп айткан», — деп түшүндүрдү ал.

Мадумаровдун ордуна митинчилерге анын биринчи орун басары Кеңеш Салихов чыгып алардын талаптарын уккан.

Ушундай эле митинг Бишкек шаарында да өттү. Акцияда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду отставкага кетирүү талаптары айтылды.

Чек арадагы жаңжал

Көк-Таш айылындагы жаңжал 9-январда башталган. Укук коргоо органдарынын кагылушууларды токтотуу аракеттерине карабастан, чыр-чатак 12-январга чейин уланган. Ал күнү Кыргызстандын Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара шаарынын жашоочулары кайым айтышып кетишкен.

Пикир келишпестик таш ыргытууга айланып, кыргызстандыктын машинасынын айнеги талкаланып, дагы бир Кыргызстандын жаранынын башына таш тийген. Мындан тышкары, бир тажикстандыктын машинасына таш ыргытылган.

Бул тирешүүлөрдөн кийин милиция Көк-Таштын төрт тургунун кармаган. Буга алардын айылдаштары нааразы болуп Ош — Баткен — Исфана жолун тороп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү бийлик тургундарды жолду ачууга көндүрөгөн.

Баткен ОИИБи кармалгандардын үстүнөн «курал жаракты мыйзамсыз сактоо» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлашты. Кармалгандар бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.